www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы ажобуз Сооронбай Жээнбековдун саясий жолу 1995-1996-жылдары бириккен. Дал ошол мезгилде Сооронбай Жээнбеков Атамбаев түптөгөн КСДПга кошулган. Атамбаевдин өлкөнү өнүктүрүү жөнүндө көз карашын ачык-айкын билдиргени Жээнбековго жакчу, анын үстүнө экөөнүн бул боюнча пикирлери да шайкеш болчу.

Өзү чүйлүк, саясий борборго жакын, шайлоочулардын тапшырмаларын аткаруу, саясий жактан өсүү жаатында маселелерди чечүү боюнча коммуникацияларды мыкты өздөштүргөн Атамбаев менен тоо койнунда чоңойгон, жаңы гана “шаардык саясий турмушка” кадам таштаган, саясий баёолугу кала элек Жээнбеков экөөнүн кулк-мүнөздөрү ар башка болгонуна карабастан, бат эле тил табышып, бир багытты көздөй чогуу бет алышкан.  

Экөө тең жаш, каруу-күчкө толуп турган убагы болчу. Экөө тең өлкөгө пайдасын тийгизип, кесиптик жана саясий жактан өсүүгө ынтызар эле.  

КСДП менен партиянын лидери эчен ирет өмүрү кылдын учунда болгон опурталдуу учурларга туш келген саясий куугунтукту баштан кечирип, кыйын кезеңдүү калыптануу жолун басып өтүштү.

Ал мезгилде партия лидери окуялардын чордонунда болуп, ал эми Жээнбеков көмүскөдө калып келди. Бирок, ал дайыма лидерге бел болуп, колдоо көрсөтүп, бир да жолу анын кызыкчылыктарын сатып кеткен жок. Ошол эле учурда лидердин эле көзүн карап калбай, жеке пикирин билдирип, өз позициясын карманып жүрдү. Анын үстүнө эл көзүндө болгонду башынан анчейин жактырчу эмес. Мына ушундан улам ага Атамбаевдин көзүн караган, аны ээрчиген саясатчы катары образ жармашып калса керек.

Антсе да Жээнбековду жакындан жакшы билгендер анын беттегенин бербеген мүнөзүн, өзүнүкү туура экендигин билсе, айтканынан кайтпай, ал гана эмес партия лидерин, досун да укпай кое турган көк беттигин, өжөрлүгүн айтып калышат.

Атамбаев президенттике талапкерлигин койгондо, премьер учурунда жана ал кызматтан кеткен мезгилде Жээнбековдун саясий туруктуулугуна баа берип, сындан өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү болду. Сооронбай Жээнбеков дайыма партия менен Атамбаевдин багытын колунан келишинче колдоп, эч качан саткан эмес, качкан эмес.

2010-жылдагы апрель окуяларында Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун партиялык багытка берилгендигине дагы бир ирет ынанды. Ошондо Ошто жүргөн Жээнбеков санаалаштардын чакан гана тобу менен бакиевдик кандуу режимге тикелей ачык каршы турган.

Ал учурда Оштогу кырдаал Бишкектегиге караганда кыйла татаал болчу. Бакиев Ошко кайрылып келип, Түштүк-Кыргыз демократиялык республикасын түзөм дегенге чейин барып, элди козутуп жүргөн мезгил эле.

Түштүк элинин дээрлик 90 пайызы бир эсе Жаныш Бакиевден коркуп, же дагы бир башка себептерден чочулаппы, айтор Бакиевдин режимин колдоого ыктап калган болчу. Ушундай шартта түштүктө Бакиевдерге ачык айбат көрсөтүп чыгуунун өзү өмүрүн садага чапкан камикадзе болуу дегенди билдирмек. Же болбосо мындай кадамга мамлекеттин бүтүндүгү менен биримдигин саясий кызыкчылыгынан гана эмес, өмүрүнөн да бийик койгон идеяга берилген адам гана бара алмак.

Бул Сооронбай Жээнбековго өтө чоң тобокелдик эле. Бирок Сооронбай андан тайсалдап, кетенчиктеген жок. Ошол учурда анын жанында Бишкектен келген бир дагы саясатчы болгон эмес. Болгону иниси Асылбек Жээнбеков менен чакан санаалаштардын тобу гана өлкөнү жана мамлекеттүүлүктү сактоо ишине тикесинен тик туруп, олуттуу салым кошушту. Ал эми азыр болсо дал ушул Асылбек иниси Атамбаевдин жанындагылардын чекесине чыккан чыйкан болуп калганы кызык. Мунун себебине кийинчерээк токтололу.   

Сооронбай Жээнбеков санаалашы жана досу Атамбаевге акча жагынан эч качан көз каранды болгон эмес. Анын досу башында турган бир дагы каржылык долбоорго же операцияларга катышпаган. Бул фактор алардын андан кийинки саясий турмушуна жана достугуна да өз таасирин тийгизди.  

Кеп удулу келгенде кыстара кетчү нерсе - тар чөйрөдөгү билермандардын айтымында, адегенде Атамбаевден кийин президенттикке Сооронбайды эмес, анын иниси Асылбекти таптап жатышкан. Анын убагында спикерликке дайындалышы ички гана эмес, тышкы чөйрөдө да саясий кадыр-баркын арттыруу максатында жасалган.

Мисалы, 2012-жылдагы БУУ Башкы Ассамблеясынын сессиясына президент да эмес, премьер да эмес, парламент спикери баргандыгына учурунда эч ким деле анчейин маани беген эмес. Бирок, талдай келгенде, дипломаттар БУУ Башкы Ассамблеясы спикерлер үчүн трибуна болуп саналбай тургандыгын жакшы билишет эмеспи.

Биздин дипломаттарыбыз үчүн өлкө парламентинин спикерин “дүйнөлүк саясаттын каймагын калпыган жогорку чөйрөгө” – БУУга алып чыгууну уюштуруу оңойго турган жок. Анткени, эл аралык протоколдун көптөгөн жол-жоболоруна шайкеш келтирип туруп спикердин БУУга болгон иш сапарынын алкагында маанилүү жолугушуулар менен кабыл алууларды уюштуруу үчүн бир топ күч-аракет жумшоого, өжөрлүк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө туура келген.  

Акыйкаттык үчүн белгилеп койчу нерсе - Асылбек спикер болуп турганда Атамбаевдин башын аттабай, ички жана тышкы саясий чөйрөдө өзүн татыктуу, чектен чыкпай алып жүрө алды.

Антсе да мурдагы президенттин айланасындагылар анын “түбүнө жетишти окшойт”. Узун кулактардын айтымында, аларга Асылбектин Жогорку Кеңештин имаратына намазкана ачкандыгы жакпай калган имиш. Бирок, намазкана Атамбаевдин макулдугу менен курулган, анткени Кожоюндун (ошол мезгилде – Атамбаевдин) уруксаты жок Асылбек Жээнбеков аны кура алмак эмес экендиги белгилүү да. Ошондой эле Асылбек Меккеге барганда “Кожоюндун” буту баса элек Каабага кирип келгенине да нааразы болушканы айтылып жүрөт.

Кандай болгон күндө да, анык себеби азырынча элге ачыктала элек. Балким, Атамбаев Асылбек ал президенттик кызматтан кеткенден кийин келечегин коопсуз кыла турган ишенимдүү мураскор болуп бере албайт деп ойлогондур. Канткен менен Атамбаев абдан кызуу кандуу, тегерегиндегилерге өтө ишенип алган адам экендиги белгилүү эмеспи, ал Асылбек ишеничтүү адам эмес дегендерге ынанып алышы ыктымал.

Анан эле Атамбаев 2010-жылдын апрелинде  жагдайды оң жагына бурууга чоң салым кошкон бир тууган Жээнбековдордун бирине ишеним артып жатыптыр деген шыбыш кептер чыга баштады. Ал гана эмес, тандаган адамы - Жусупбек Шарипов экен деп чыккандар да болду.  Бирок,  2015-жылдын күзүндө Ошто беш жыл бою губернаторлукту аркалап келе жаткан Сооронбайды Бишкекке которуп келишти.

Адегенде ал саясий жактан эч кандай таасири деле жок болгон Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчисинин креслосуна отурду. Саясаттын алчы-таасын жегендер бул убактылуу эле көрүнүш болот, Соке бара-бара премьер, демек, президенттин мураскери болот деп божомолдоп жатышты. Анан эле бул ушак-айыңдын артында чындыгы бар экени ачыкка чыгып, Жээнбеков Президенттин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Соңунда, күтүлгөндөй эле, премьерликти да ээледи.

Анткен менен мураскорлукка байланышкан маселеге чекит коюу али эрте болчу. Көрсө, Атамбаев досу Сокеге гана эмес, Чыныбай досуна да, анан аны түрктөрчө “аби” деп атап алган Бабанов инисине да “колдойм” деп сөз берип койгон экен. Берки “оң колу” болгон «балашка” Сапар Исаковду да мындай убададан куру койбоптур.  

Президенттикке ыктымалдуу талапкерлердин бардыгынын пиар-аракеттерине көз салган адам алардын ар бири өзүн мураскер сезип алганын байкаган. Чындыгында Атамбаев алардын кимисине токтолгондугу кызыгуу туудуруп, түшүнүксүз болуп турду. Бул туурасында да сөз кийинчерээк болсун.

Тар чөйрөдөгү билермандардын айтымында, Сооронбай Атамбаев кимисин мураскер кылсам деп калчагысы келген саясатчылардын арасындагы фаворит деле эмес болчу. 2016-жылдын декабрындагы референдумдан кийин эле аны премьерликтен алып түшүүгө аракеттер да болгон. Эмне себептен? Атамбаев анын отставкасынан эмне тапмак? Анда аны облустагы бейпил жашоосунан сууруп чыгып, баш калаага алып келүүнүн кажети канчалык эле?

Негизи, Сооронбай премьер катары жакшы эле иштеди. Кийинчерээк Атамбаев Жээнбековду өзүнүн президент болгон мезгилиндеги эң мыкты премьер деп айтканы да бар.

Демек, экс-президент баягы эле кызуу кандуулугу менен Сокени “мураскорлукка” ыраа көрбөй, бекер кылыпмын деп, баарынын башын айландыра баштаганбы? Ушул чындыкка бир аз коошуп тургандай. Бирок, эмне максатта? Же дагы эле айланасындагылардын шайтан оюну болдубу?

Мында айта кетчү нерсе - мураскор боюнча бирде андай, бирде мындай кылып калчаган Атамбаевдин дирижерлугу Сооронбай Жээнбековду намыстантып койгондой болду. Президенттик тургай, премьерликке да жулунбаган Соке эми алдыга так максат коюп, ага жетүүгө аракет кылууга киришти. Жарым жолдон артка кайтууга намыс жол бермек беле!

Бирок, ал ачык күрөшкө беттеп чыккан жок. Акырындык менен максатты көздөй илгерилөө тактикасын карманды. Эл көзүндө болбостон, кулуарларда маселени чече билген саясатчы катары аракет кылды, бул тактика анын мүнөзүнө да шайкеш эле. Мунун аркасында Жээнбеков парламенттеги отчетун ийгиликтүү алып өттү. Андан соң бул саясий процесстеги дирижер Атамбаев колдойм деп ээликтирип койгон талапкерлердин бири Чыныбай Турсунбеков башкы шоучу катары катышкан цирк оюнуна – КСДП съездине да катышып, андан талапкер катары аттанды.  

Аталган съездде анын талапкерлиги толук колдоого ээ болгону менен Соке эми чындап фаворит-мураскер болдум деген ишеничте боло алган жок. Президенттик мөөнөтү аягына чыгып калган учурда, салт катары дайыма жай айларында өткөрүлчү басма сөз жыйынында Атамбаев жыландын башын кылтыйтып жасаган билдирүүлөрүнөн улам коомчулук менен журналисттер анын Бабановго ылым санай тургандыгына ынанышты.

Ушундай карама-каршылыктуу маанай өкүм сүрүп турган учурда Жээнбеков досу Атамбаевдин кеңеши менен “бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүү үчүн” премьерликтен өзү баш тартып, кызматтан четтейт.

Жээнбековду колдогондор дирижердун бул кылыгын түшүнө алышпады, анткени 2011-жылы ал өзү президенттикке ат салышкан учурда премьерликтен кетпей эле жарышка катышканы элдин эсинде эмеспи. Анан досу Сокеге ийгиликти багындырчу мындай оңой жолду эмнеге ыраа көргөн жок болду экен? Мунун ордуна ал досун атаандаштар тирешип турган аренага түртүп чыгарды. Алардын арасында парламенттик фракциянын лидери катары трибунасын кенен колдоно билген Бабанов да бар болчу .

Айтмакчы, Бабановго эмнеден улам кастарын тигип калганын Атамбаев расмий түрдө анын кошуна мамлекеттин жетекчисине кулдук уруп барганы үчүн деп түшүндүрүүгө аракет кылды. Ал эми тар чөйрөдөгү билермандар Бабановдун коңшу мамлекеттин лидери менен көзмө-көз жолугушуусун ошол өлкөнүн олигархы Утемуратов уюштурушу ыктымал экендигин айтып чыгышты. Мында Атамбаев өзү да ошол Утемуратов менен жакшы мамиледе экендиги кызык. Анын Атамбаевдин үйүндө конокто болгондугу да жашыруун эмес. Демек, Бабановдун коңшу мамлекеттин лидери менен жолугушуусу жөнүндө “Кожоюндун” маалыматы болгон экен да?

Бул учурда Сооронбай Жээнбековдун штабы талапкерге ак пейилинен, чын көңүлүнөн эмес, айлык жүрүп турса болду да дегендей маанайда иштеп жатты.  Албетте, Жээнбековдун жеңишинде штабдын салымы жок дегенден алыс болушубуз керек, канткен күндө да талапкердин жолугушууларын уюштурду, баннерлерди илди, брошюраларды басып чыгарды, таратты дегендей... Адамдардын башын кошуп, бирге иштөөнүн өзү деле чоң иш эмеспи.  Бирок, штабдагылар Сокеге эмес, Бабановго көбүрөөк ишенгендей таасир калтырды. Алардын пикиринче, Бабанов жашыраак, сулуураак, креативүүрөөк, саясатчы үчүн абдан керек болгон сапатка ээ – ал калп болсо да ишендире сүйлөй алганга маш. Тар чөйрөдөгүлөр ал убакта штаб жетекчиси Фарид Ниязов Бабанов менен көзмө-көз жолугушуп тургандыгын да билишет. Ал иш-аракеттерди макулдашканбы, же штабдагы иштер туурасында отчет бергенби, ким билсин. Албетте, бул туурасында Атамбаевдин кабары жок деш болбойт го.   

Талапкерлердин үгүт иштерине кылдат көз салгандар байкагандай, Сооронбай Жээнбеков атаандаштарынан айырмаланып, шайлоочулардын менталитетин жакшы билгендигин көрсөтүп, телевидениедеги жана башка прессадагы шоулардан көрө эл менен түздөн-түз жолугушууларга көбүрөөк басым жасады.

Ал Бабановдун “бачагын чыгарган” коомдук телеканалдагы дебатка гана катышты. Сокенин тилинен чаң чыккан атаандашынын минтип эки бутун бир кончко тыгып, ордуна коюп салаарын анын штабы да күткөн эмес (тагыраагы - ишенген да эмес).

Ошол эле учурда Жээнбеков 35 күн бою – үгүт иштери үчүн бөлүнгөн бардык мезгил ичинде - өлкөнүн ар кайсы булуң-бурчтарындагы мекендештери менен жолугушуп, качан көрсөң жолдо болгон жападан-жалгыз талапкер болду.

Карапайым айылдык эмгекчилердин чөйрөсүндө чоңойгон адам катары ал телевизордун экранынан жөнөкөй шайлоочулардын жүрөгүнөн түнөк тапкан сөздөрдү айтып, ишенимине ээ болуу мүмкүн эместигин мыкты түшүнгөн. Шайлоочулар менен бетме-бет жолугушуп, ачык-айрым сүйлөшүп, ынандыруу гана таасирдүү экендигин билген. Ошондуктан, ал асмандагы айды алып берем деген убадаларды берген жок, «35 коррупционер» жөнүндө убадасы гана эсте калды. Калганы кадимки турмушта кездешчү маселелерге байланышкан нерселер, айталы, чек ара маселелерин чечүү, таза суу менен камсыздоо, ирригация, мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгын көтөрүү, пенсияларды жогорулатуу жана башка убадалар болду.

Эң башкысы – бир туугандарынын мамлекеттик башкарууга кийлигишүүсүнө жол бербейм деди. Эки ирет үй-бүлөлүк башкаруунун азабын тарткан элге бул бардык убадалардан артык сөз эмеспи.

Ошентип, Атамбаевдин айланасындагылар кайталап айтканды жакшы көргөндөй, анын рейтинги 3 пайыздан шайлоодо ээ болгон 54 пайызга чейин көтөрүлдү.  

Айтмакчы, демөөрчүлөр, анын ичинде Атамбаевдин тегерегиндегилер азыр ар кандай ушак-айың таратып жүргөн Раим-миллион жөнүндө айта турган болсок, тар чөйрөдөгүлөрдүн билишинче, башка бизнесмендер сыяктуу эле Раим Соке менен Бабановдун ортосунда калып, кимисин колдоорун билбей жаткан. Анан эле Атамбаев Бабановго каршы ачыктан-ачык чыга баштаган учурда гана Соке тарапка ыктаган.

Эмне себептен Атамбаев жарым жолдон пикирин кескин өзгөртүп, Бабановго ишенбей калды – муну бир Кудай, бир ушул экөө, анан алардын “эже-сиңди” болуп катышып жүргөн жубайлары гана билбесе... Асыресе, мурдагы президенттин көзөмөлүнө учурунда Бабановго тийиштүү деп айтылып жүргөн К-ньюс, НТС сындуу медиа-ресурстар өтүп жаткан азыркы тапта деле алардын “эже-сиңди” болуп жүрүшкөнү жашыруун эмес...

Атамбаев иштеп чыккан чиеленишкен комбинацияда утушка ээ болгон Жээнбеков президенттик ишин шайлоо алдында берген убадаларын аткаруудан баштады.

Көпчүлүк азыркы президент Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы көйгөйдү тез арада жана кошуна республиканын жетекчиси менен теңата сүйлөшүп чече ала тургандыгына анчейин ишене албай турган убакта Сооронбай Жээнбеков Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен президент болуп шайлангандан кийин эле Минск шаарында жолугушту. Бул кадамы анын ички аудитория үчүн да, тышкы чөйрө үчүн да өз алдынча иш алпарган саясатчы экендигин дагы бир тастыктап берди. Кошуналар аны сый-урмат менен тосуп алып, жакшы мамиле жасашты, ал эми мекендештери мурунку президенттен калган жаңжалдын тез арада чечилишин кош колдоп кубаттап, ыраазы болуп жатышты.  

Андан соң ал алыскы Жумгал районуна барып, 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялаганын билдирди. Бул кадамы да мурунку президентке караганда прагаматикалык нерселерге ыктуулугун көрсөттү. Экс-президенттин көбүнчө эфемердик түшүнүктөргө басым жасап, “түкүрбөгүлө, Мекенди сүйгүлө, тарыхты билгиле” дегендей нуктагы чакырыктарды таштап келгени эсибизде.

Мекендештерине анын жагымдуулугун арттырган Жээнбековдун бейнесине дагы бир сүртүм – анын иш күнү эртең мененки 8ден кеч башталбайт. Бул – курулай пиар эмес, көптөгөн жылдар бою көндүм болуп калган иш графиги экен. Анын шарапаты эми гана билинип отурат – президенттин кортежи негизги трасса боюнча эч кимге жолтоо кылбастан эле таң эрте өтүп, шаардыктардын алкышына татыды. Андан тышкары, Жээнбеков кортежи жолго чыкканда жолду тосуунун зарылдыгы жок деген буйрук бергенине да эл ыраазы болууда.

Президенттин Аппаратына да көнүмүш адаттан арылып, жаңы графикке ылайык ишке эртерээк келе баштоого туура келди. Экс-президент резиденциясына жатып алып, аралыктан иш алпарып, Ак үйдөгү кабинетине сейрек келип жүргөндүгү белгилүү эмеспи.

Коопсуздук кеңешинде Жээнбеков укук коргоо органдарын катуу зекип, аларды коррупцияга малынган орган катары эсептей тургандыгын ачык билдирди. Мынчалык өз алдынчалыкты Атамбаев Соке досунан күтпөсө керек. Өлкө коррупция менен күрөшүүнүн жыйынтыктарын гана эмес, экс-президенттин буга реакциясы кандай болоор экен деп, дымып, күтүп калды. Көп узабай эле Фарид Ниязовдун отставкасы кабыл алынды.

Коопсуздук кеңешиндеги айтылган сөз Фарид Ниязовдун миссиясы түккө турбай калгандыгын, анткени ал жаңы жетекчини эски жетекчинин башкаруусунан чыгарбай, көзөмөлдөп турушу керек болгондугун ачыктады. Бул иштин өтөөсүнө чыга албай калгандыгын мойнуна алып, Ниязов отставкага кетти.

Спектакль бүттү.

Ушундай кийин Атамбаевдин айланасындагылар кыймылга келип, иш-аракеттерин ачыгыраак көрсөтө баштады десек болот. Мунун айкын көрүнүшү - Фарид Ниязовдун кол баласы болгон интернет-ресурстарда байма-бай жарыялана баштаган макалалар.

Өлкө экс-президент менен анын башкы идеологу Фарид Ниязовдун стилин жакшы эле билип калгандай болду. Ошондуктан, мындай макалалардын автору Ниязов, ал тургай анын шефи да болушу ыктымалдыгын жокко чыгарууга болбойт.

Учурунда КСДПны, эми болсо өзүнүн буйрутмачыларын уят кылган Мискенбаевдин билдирүүсүнө келели. Аны Жээнбековго каршы пайдалануунун өзү – азыркы президенттин аң-сезими сергек кыргызстандыктардын сый-урматына ээ болуудагы ийгилиги десек болот.

Атамбаевдин айланасындагылардын 2010-жылдын апрелинде Ошто мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калуу үчүн бакиевдик режимге каршы ачык согушка чыгып, өз өмүрүн тобокелген салган президенттин иниси Асылбекке асылып калышканынын себеби эмнеде?  Мунун жообу эң жөнөкөй.

Асылбек президенттин парламенттеги позициясын күчөтүп, дем бере алат. Кандай болгон күндө да, парламент президенттин мамлекеттик саясатын жүргүзүүдө таяна турган башкы орган болуп саналат эмеспи. Тар чөйрөдөгүлөрдүн айтымында, Асылбек депутаттарды эки топко – Атамбаевди жана Жээнбековду колдогондордун тобуна бөлө ала тургандыгын билишет.

Мискенбаевдин билдирүүсү президенттин парламенттеги позициясы күчтүү болушуна бут тосууга далалат кылган жылма аракет болуп саналат. Ошондой эле бул Атамбаевдин парламенттеги таасири алсызданып баратканынан кабар берет. Антсе да, парламентте бизнесмендер басымдуулук кыла турганын эске алуу менен Жээнбековго баары жайында деп, тынч отуруп калууга али эрте. Иниси да мандатты тапшырбашы керек, бул Жээнебковдун алсырашына алып келет.   

Азырынча эл Жээнбековдун иш-аракетин колдоого алууда. Ага анча сын айтпай, мүмкүнчүлүк берип, экс-президентке көз каранды эместигин колдоп, баалап, өлкөнүн көз карандысыз, өз алдынча лидери катары калыптана тургандыгына үмүт артып турган чагы.

Анан эмне себептен өлкөдөгү президенттердин цивилизациялуу, тынч жол менен алмашуусу, эл аралык коомчулуктун буга ыраазы болуп, суктануусу мурдагы президентке мынча оор тийип жатат?

Анткени ал Сооронбай Жээнбековду тандап, жаңылыштык кетирди. Аны кече жакында өзү элге жарыялады. Ооба, жаңылды. Себеби, саясат таануучулар менен эксперттердин оозуна алы жеткени да, жетпегени да билермансынып кайра-кайра айтканы менен, иш жүзүндө Жээнбеков “АШАнын куурчагына” айланган жок. Айланбайт дагы. Анткени, президенттикке элиме кызмат кылам деп чын пейили менен келген.

Анын башка милдеттенмелери деле жок. “Соке-Чыке-Сапар-Бабанов” комбинациясына алаксып кеткен Атамбаев ага эч кандай так багыттама берген эмес. Мынчалык татаал, чиеленишкен комбинациянын чечилиши Жээнбеков үчүн эмес, анын автору – Атамбаев үчүн күтүүсүз болгону анык.

Атамбаевди Сооронбай Жээнбековго таасир этүүнүн, кысым көрсөтүүнүн башка эч кандай шайманы жоктугу да кыйла түйшөлтөт окшойт. Сооронбай Жээнбеков экс-президенттен моралдык да, каржылык да жактан көз каранды эмес. Кыргызстандын президенти Жээнбеков элдин эркинен жана Жараткандан гана көз каранды.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости