www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Типтүү курулуш долбоорлору жакшы, көптөгөн каражаттар үнөмдөлөт. Бирок, жарыяланган тендерлерде «кара тизмеде» турган айрым фирмалар утуп кеткен учурлар бар. Тендерге андай подядчиктерди катыштырбаш керек. Бул тууралуу депутат Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасында объектилерди куруу иштеринин, капиталдык оңдоонун, ошондой эле калкты таза суу менен камсыздоо боюнча иштердин аткарылышынын абалы, бул чыгымдарды республикалык бюджеттен каржылоонун натыйжалуулугу жана республикалык бюджетте 2018-жылга каралган иш-чараларды аткаруу үчүн бюджеттик ресурстарды бөлүштүрүүнүн жол-жоболору жөнүндө маселе каралып жатканда билдирди.

«Мисалы, Ноокат районунда таза суу менен камсыз кылуу жаатында подряддык жумуштарды аткарган бир фирма бар, ал сотто утулуп, 2 млн 900 миӊ сом төлөөгө аргасыз болгон. Ал жакында жарыяланган тендер кайрадан жеӊүүчү деп табылыптыр. Мындай подрядчитерди тендерге таптакыр жолотпош керек», - деп, Төрөбай Зулпукаров типтүү курулуш долбоорлорунан канча каражат үнөмдөлгөнүнө кызыкты.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев бир типтүү долбоорго 1,5 млн сом жумшала турганын билдирди. «Ошентип, мектеп имараттарын куруудан эле 2017-жылдын жыйынтыгында баш-аягы 1 млрд сомго жакын каражат үнөмдөлдү. Ал эми «кара тизмеге» кирген фирмаларды өзүнчө карап жатабыз», - деди ал. 

Маалымат, Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы борборунан алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости