www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкалаада эл ташып иштеген маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштады. Бул тууралуу айдоочулар билдиришти. Маалыматка караганда, алар өкмөттүн милдеттүү камсыздандыруудан өтүү токтомуна, бирдиктүү форма тууралуу талапка нааразылык билдиришүүдө.

Маршруттук таксилер каттабай жаткандыктан, шаардагы аялдамаларда элдин саны көп экенин жүргүнчүлөр да ырастап жатышат. Азыр троллейбустар менен автобустар келип, бирок ага эл батпай жатканы айтылууда. Айрым маршруттук каттамдар гана ишке чыкканы кабарланды.

1-апрелде өкмөттүн 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган токтому күчүнө кирди. Ага ылайык, кооптуу жүк ташыгандар, жүргүнчү ташыгандар милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алышы керек.

Өкмөт чечиминин негизинде 1-апрелден тарта жүргүнчүлөр жана жүккө болгон камсыздандыруу полиси жок коомдук транспорттордун, кооптуу жүктөрдү ташыган автоунаалардын айдоочуларына 500 сом айып пул салынат же машинелери айып жайына токтотулат.

Жүргүнчү ташыган айдоочулар, таксисттер машинесиндеги ар бир орунду камсыздандырышы керек. Шаар ичинде эл ташыгандар полис үчүн жылына ар бир орунга 136 сом 6 тыйын, айыл-шаарлар аралык, эл аралык каттамга чыккандар ар бир орунга 204 сомдон төлөөгө тийиш.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматы боюнча, ушу тапта 3 миңге чукул маршруттук кичи автобус 119 каттамда иштейт. Мындай маалыматты Азаттык сайты жазып чыкты. 

Ал эми Спутник агенттигине Бишкектеги микроавтобустардын айдоочулары милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алуудан баш тартып иш ташташты. Бул тууралуу мэриянын шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчи орун басары Нурлан Атаканов 

«Канча маршрутка каттамга чыкпай калганы азырынча белгисиз. Териштирип жатабыз», — деп билдирген. 

Ошентип так учурда борборубуз Бишкекте, тыгын күчөп, "бап эле бап, бип эле бип" болуп, таксилер кызуу иштеп турган мезгили. 

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости