www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 1-апрелде Россиянын Рязань облусундагы жол кырсыктан Кыргызстандын 8 жараны жаракат алды. ӨКМдин маалыматына караганда,  окуя саат 09:30 (жергиликтүү убакыт боюнча) чамасында Урал жолунун 377-чакырымында «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун жээгиндеги электр карагайын сүзгөн. Жол кырсыктын кесепетинен 8 адам жабыркап, Шацк райондук ооруканасына жеткирилген. Жабырлануучулардын бардыгы кыргызстандык жарандар болгон.

Кийинчерээк Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, жол кырсыкка кабылгандар оор жаракат алып, айдоочунун эки буту, көкүрөгү, кабыргалары сынган. Ошондой эле жүргүнчү кыздын колу үзүлүп кеткен. Жабыркаган 4 адам Рязань райондук ооруканасына жеткирилсе, дагы 4 адам башка ооруканага жаткырылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, Шайыр аттуу айдоочу Казакстандан келе жатканда каршы тилкедеги унаа менен кагышуудан качып, жол кырсыкка кабылгандыгы тууралуу маалыматты турмуш сайты жазып чыкты. 

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости