www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев Садыр Жапаровдун “сөөк өчтү душманы”. Анткени АША Жапаровду балдары, туугандары менен кошо камады. Камакта жаткан учурда Жапаровдун үй-бүлөсүндө чоң жоготуулар болду... Эми Жапаров тушунда АШАнын иши толугу менен кайра каралып, анын боштондукка чыгуусуна мүмкүнчүлүк ачылып олтурат. Анын себеби жана сыры эмнеде?
Ооба, Сооронбай Жээнбековго каршы күрөштө АША менен Жапаровдор сүйлөшүп, сырдашып жүрүшкөн. Анын себеби биргелешип абактан чыгуунун айласы болчу. Азыр эмне болду? Эмнеге Жапаров АШАны толук актоого, боштондукка чыгарууга жол ачып жатат? Буга саясий кырдаал себеп болуп жаткандай.
Чүй өрөөнү ар дайым мамлекеттик кызмат иерархиясында биринчиликти же экинчиликти кармап келген. Бишкек мэрилиги да алардын колунан чыккан эмес. ИИМ баш болгон күч структуралары да көбүнчө алардын колунда болуп келген. Садыр Жапаров бул көнүмүштү бузду. Чүй учурда биринчи да эмес, экинчи да эмес, ал эмес Бишкек шаарын да алдырып койду. Ошондуктан чүйлүктөр нааразы деген күбүр-шыбыр кеп жүрөт.
Жапаров АШАны бошотуу менен мына ошол нааразылыкты кайсы бир деңгээлде жубатып, президенттик шайлоодо Чүйдөн добуш алууну көздөп жаткандай. Же булар Кумтөр сыяктуу ири иштерде да бирге болуп, "абысын" болуп алдыбы?...
Айданбек Акматов, журналист
Булак: NazarNews.kg