www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагынын “БеспределKG” баракчасы Алмазбек Атамбаевдин уулдары Сеид менен Кадыр Атамбаевдер тууралуу билдирүү жазып чыкты.

Баракчанын билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

“Атасына душман болгон Кадыр жана Сейит Атамбаевдер. Артык кылам деп тыртык кылып алыптыр” деген лакап кептин чындыгын Алмазбек Атамбаев өзү да тастыктады эле. Эми анын уулдары Сейит жана Кадыр Атамбаевдер да аны биротоло далилдеп, “бул лакап сөз бизге гана таандык” деп “патенттеп” ала турган болушту окшойт.

Мындай дегенибиздин себеби, АШАнын эки уулу атасынан калган КСДП партиясын ичинен иритип, биротоло талкалана турган абалга алып келип коюшту. Ал партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрүн тоготпой, өз алдыларынча эле КСДПнын атынан сүйлөшүп, чечим чыгарып жатышканы Адил Турдукулов, Кундуз Жолдубаева сыяктуу саясий кеңештин мүчөлөрүнүн нааразычылыктарын жаратты. “Биз менен кеңешип коюшса эмне болот эле?” деген сыяктуу таарынычтарын билдирип чыгышса да, эрке уулдар көңүл буруп коюшкан жок. Кайра тескерисинче алар өздөрүнүн “фейк-троллдору” аркылуу Кундуз Жолдубаеваны саткын деп аташып, биротоло көчөгө сүрүп чыгарышты.

Мына ушунун өзү АШАнын уулдары эч качан жакшылыкты сезе алышпай турганын далилдеди. Кундуз Жолдубаева Алмазбек Атамбаевдин жанында өтө оор күндөрдө чогуу болгон болчу. Аны ачык, тартынбастан колдогон, коргогон дагы. Ошого карабастан Сейит жана Кадыр мырзалар аны эми көчөгө калтырып отурушат. Мунун өзү жигиттикке да, адамдык абийирге да туура келбесе керек. Анын үстүнө Кундуз айым жөн айым эмес, анын да билген көп сырлары бар. Эгер АШАнын уулдары эртерээк эстерине келбесе, анда ал көптөгөн эл билбеген фактыларды айтып чыгышы мүмкүн”,-деп жазылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости