www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-майда, Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Москва районундагы чанактуу дан өсүмдүктөрүн кайра иштетүү жана сатуу менен алектенген «Дан Агропродукт» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ишкананын чийки заттарды алып келүү жана даяр болгон продукцияларды жүктөп жөнөтүү үчүн темир жолго кирме жолдору да бар. Продукциянын чоң бөлүгү ЕАЭБ өлкөлөрү менен алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө экспортко кетет. Компаниянын даярдоочу базасы Талас облусунда жайгашкан.

«Дан Агропродукт» ЖЧКсы 100дөн ашык адамды жумуш орду менен камсыздайт. 2000ден ашык дыйкан чарбасы, фермерлер техникалык жана консультациялык колдоо алышып,  Чүй, Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарында чанактуу дан өсүмдүктөрүн өстүрүүгө катышат. Мындан сырткары, продукциянын сапатына баа берүү боюнча өндүрүштүк лабораториясы бар. 

Президент Сооронбай Жээнбеков ишкананын кызматкерлери менен баарлашып, алардын ишмердүүлүгүнө оң баасын берди.

Кыргызстан экологиялык таза өнүмдөрү менен айыл чарба тармагында өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн сарамжалдуу пайдалануу аркылуу татыктуу атаандаш боло аларын баса белгиледи.

«Кыргызстандын айыл чарба продукциялары жаатында алдыңкы өлкөлөр менен атаандашуусунда бардык мүмкүнчүлүктөрү бар болгондуктан, биз кайра иштетүү өнөржайына чоң көңүл буруп жатабыз», — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков жана региондорду өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатынын алкагында экспорттук потенциалды кеңейтүү өлкөнүн артыкчылыктуу багыты болуп кала берерин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы жер-жерлердеги ишкердикке, жалпысынан айыл чарба тармагына көмөк көрсөтүүнүн жана ушундай ишканаларды колдоо аркылуу өлкөнүн экспорттук потенциалын өстүрүү зарылдыгына мамлекеттик органдардын көңүлүн дагы бир жолу бурду.

Президент Сооронбай Жээнбеков жеңилдетилген каржылоонун каражаттары мындан ары дагы региондордогу ушул сыяктуу экспортко багытталган ишканаларды колдоого жумшалаарын баса белгиледи.

Булак: NazarNewsw.kg

Последние новости