www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ашар бирикмеси” коомдук фондунун негиздөөчүсү Алиакбар Каныбек уулу алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, райондук милициянын Тергөө кызматына Т.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, “Ашар бирикмеси” фондунун директоруна мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранган. Даттануучу 2025-жылдын 6-январында Бишкек шаарынын Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан фонддун кеңсесинде анын ишеничине кирип, "3 миллион сом акча каражатын турак жай алуу үчүн каржылап берем" деген алдоо жолу менен 183 миң 200 сомун алып, ушул күнгө чейин убадасын аткарбай жүргөнүн билдирген.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Анын алкагында 2000-жылы туулган Алиакбар Каныбек уулу кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан сырткары азыркы учурда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан “Ашар бирикмеси” фондунун директору К.А. карата 11 кылмыш иши козголуп, жана кароодо 4 тергөөгө чейинки текшерүү материалдары бар.

Бүгүнкү күндө жогорудагы айтылган кылмыш иштери боюнча жабырлануучуларга келтирилген чыгым жалпысынан 4 миллион 681 миң 200 сомду түзөт. 

Последние новости