www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ашхабадда бүтүндөй үй-бүлө бычакталып өлтүрүлдү

Түрмөнстандын Ашхабад шаарынын Хитровка районунда 15-мартка караган түнү бир үй-бүлө киши колдуу болду. Жубайлар жана алардын 11 жаштагы уулун өлтүрүүгө шектелип эки киши кармалды.

Баштапкы маалыматтарга караганда, 25 жана 27 жаштагы шектүүлөр борбор калаага аймактардан келишкен. Маркумдардын кошуналары ал күнү батирден ызы-чуу угулганын, бирок эч ким дароо полиция чакырбаганын айтышкан.

Кайгылуу окуяга чейин шектүүлөр маркумдардын үйүн ремонттошкон жана төлөнгөн суммага нааразы болуп калышкан. Кылмышкерлер үйдөн буюм-тайымдар менен кошо өлгөн кишилердин телефондорун да алып кетишкен. Анын негизинде укук коргоо кызматкерлери аларды бир нече саат аралыгында эле колго түшүргөн.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы укук коргоо органдарындагы өз булагына таянуу менен билдиргендей, кылмышкерлер үй-бүлө мүчөлөрүнө бир нече жолу бычак сайып өлтүрүшкөн. Алардын ити да киши колдуу болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости