www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын мамлекеттик дүкөндөрүндө ун жана нан тартыштыгына байланыштуу абал начарлагандан бери Ашхабад бийлиги нан сатууга көзөмөлдү күчөттү.

Ушул тапта укук коргоо органдарынын кызматкерлери жетиштүү көлөмдөн көп нан сатып алган жарандарды аныктоого аракет жасашууда. Бул үчүн алар видео жана фотокамераларды колдонуп жатышат.

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчылары билдиргендей, бул күндөрү полиция кызматкерлери мамлекеттик дүкөндөрдү кыдырып, кезекте турган кишилерди сүрөткө жана видеого тартып жатышат.

"Алар тиешелүү нормадан көп нан сатып алууга аракет жасаган кардарлар 15 суткага камаларын эскертишүүдө", - деди ашхабаддык тургун.

Редакциянын кабарчысы укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянуу менен ун сатууда кызмат абалынан кыянат пайдаланган бир нече жогорку даражадагы чиновник узак мөөнөткө түрмөгө кесилгенин кабарлады.

Түркмөнстандын мамлекеттик дүкөндөрүндө эки же үч бөлкө арзан берилет. Жеке түйүндөрдө бир нан 5-10 манат турса, мамлекеттик дүкөндөрдө бир бөлкө 60 теңгеден сатылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости