www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга Россиядан азык-түлүк түрүндө жардам келди.

Ал эми БУУнун Азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы менеджери Вилле Каллонендин айтымында, программага катышкан ар бир үй-бүлөгө 150 килограммдан ун жана 15 литрден май берилмекчи - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстанга Россиядан азык-түлүк түрүндө жардам келди - Sputnik Кыргызстан

Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин Тышкы саясат боюнча тобунун жетекчиси Артем Романов Бишкек менен Ошко жалпысынан 810 тонна ун, 120 тонна өсүмдүк майы келгенин билдирди - Sputnik Кыргызстан

Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин Тышкы саясат боюнча тобунун жетекчиси Артем Романов Бишкек менен Ошко жалпысынан 810 тонна ун, 276 тонна өсүмдүк майы келгенин билдирди.

"Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан колдоого алынган долбоорлорго катышканы үчүн сыйлык катары 27 миң адамга ун берүү пландалууда. Ал долбоорлордун катарында ирригациялык системаларды калыбына келтирүү, бак-дарактарды отургузуу, дарыя жээктерин бекемдөө, айылдарда көпүрөлөрдү, дренаждык системаларды куруу жана айыл чарба тармагы боюнча тренингдер бар", — деди Романов.

Ал эми БУУнун Азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы менеджери Вилле Каллонендин айтымында, программага катышкан ар бир үй-бүлөгө 150 килограммдан ун жана 15 литрден май берилмекчи.

"Бул кайрымдуулук эмес экенин түшүнүү керек. 500дөн ашык мамлекеттик программа бар, сиз аларга катышып, азык-түлүк ала аласыз. Программалар инфраструктураны жакшыртып, тамак-аш менен гана камсыздабастан, жумуш орундарын дагы таап берет", — деди Каллонен.

Былтыр 5 500 тоннадан ашык ун жана 439 тонна өсүмдүк майы жеткирилип, аны муктаж болгон 278 миңден ашык адам алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости