www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-апрелден тарта Ашхабаддагы мамлекеттик дүкөндөр менен соода жайларында кайрадан чылым сатылбай калды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булактары билдиришти.

«Акыркы жолу биз чылымды 29-апрелде сатып алганбыз, азыр болсо кайсы гана дүкөнгө кирбейли жок. Сатуучулар текчелерде тамеки качан пайда болорун так айта албай жатышат», - деди Ашхабаддын тургундарынын бири.

Өлкөдө жеке дүкөндөрдө чылым тымызын сатылууда. Анда тамекинин бир кутусунун баасы 45 манатка чейин жетет. Европа өлкөлөрүндө жана Дубайда өндүрүлгөн чылымдын баасы 85-120 манатты түзөт. (расмий курс боюнча 1 АКШ доллары 3,5 манатка барабар).

Түркмөнстанда чылым чегүүгө каршы 2017-2025-жылдарга улуттук программа кабыл алынган. Бийлик 2025-жылга карата Түркмөнстанды тамеки чекпеген өлкөгө айлантуу ниетин билдирген жана жеке дүкөндөрдө чылым сатууга тыюу салган.

Булак:"centralasian.org"

Последние новости