www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр дүйнөдө карыз эмес мамлекет жок, ал эмес эң бай өлкө Штаттардын триллиондогон доллар карыздары бар. Кыргызстандын карыздары элге белгилүү, ал эми кошуна мамлекеттер Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстандын тышкы карыздары канча?

1.Өзбекстандын жалпы тышкы карызы 15 миллиард долларга жетиптир. Каримовдун тушунда Ташкен көп ачылып-чачыла бербеген, ошондуктан кимге канча акча карыз экени көп деле айтыла бербейт. Мындайча айтканда мамлекеттик сыр бойдон калат. Ошону менен катар алган насыяларды дайындуу жерлерге жумшашып бул мамлекетте учактар, жеңил машиналар чыгып жатат. Талдап көргөндө АКШ, Орусия негизги насыя мамлекеттер болуп келсе, акыркы мезгилдерде бул орунду Кытай ээлей баштагандай. Учурда Кытай катуу өнүгүп чет мамлекеттерге  насыяларды бере баштаганы белгилүү. Жакынкы жылдарда Атамбаев мамлекет башында турганда Си-Цзиньпин Бишкекке ШКУнун саммитине келгенде Ташкенди көңүлдүн сыртында калтырбай  миллиарддаган карыз берип кеткен.

2.Казакстандын жалпы тышкы карызы 165 миллиард долларга чукул. Казакстандын мурунку лидери Нурсултан Назарбаев Нидерланд королдугу менен жакшы мамиледе болгон, ошондуктан 50 миллиардга чукул долларды ушул королдуктан карызга алган. Негизи мунайзатка тартыш Европа өлкөлөрү менен экономикалык жактан тыгыз байланышкан Нур-Султан 22 миллиардка чукул карыз долларды Улуу Британиядан алган. СССР тараган соң эң негизги экономикалык өнөктөш АКШ болуп бараткан, бул мамлекеттен 13 миллиард доллар карыз алган. Кытай болсо Казакстандын кошунасы ал деле карыз берүүдө сыртта калган эмес, андан алган карыздар 12 миллиарддан ашкан. Европалык Франциядан алган карыз 12 миллиард долларды чапчыса, көп тараптан өнөктөшү Орусияга болгон карызы 10 миллиард доллар.

3.Тажикстандын жалпы тышкы карызы 3 миллиард долларга чукулдап баратат. Аймагы боюнча биздей эле, калкынын саны боюнча совет учурунда тең эле болчу, азыр алдыга оозуп 8 миллионду чапчып өттү. Бул өлкө Ислам өнүктүрүү банкынан 815 миллион доллар, Дүйнөлүк банктан 315 миллион доллар, Азия өнүктүрүү банкынан 280 миллион, 65 миллионго Эл аралык валюта фондунан карыз алса, мамлекеттердин ичинен Кытайдан көп карыз алган.

4.Түркмөнстан жабык өлкө болгондуктан тышкы карыздарынын так көлөмүн, кайсы мамлекетке канча карыз экени бийлик тарабынан жашырылып келет. Иликтегендердин айтымында 10 миллиард доллардан эбак ашып 15 миллиард долларга жетти дешет. Арийне, бул мамлекетте газдын запасы көп, керек учурларда ал газды Орусияны силкип турган “Газпромго” да бербей койот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости