www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Арабиядан умра чечими

Сауд Арабия туризм жана зыярат үчүн баргандардын умра кыла ала тургандарын жарыялады. Бул тууралуу трт.нет кабарлады. 

Сауд Арабиянын ажылык жана умра министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматында чечимдин "Сауд Арабиянын 2030 көз караш максаттарына ылайык бул жылкы умра сезонунун башталышы менен бирге умра зыяраттарын ишке ашыруу үчүн келгендердин иштерин жеңилдетүү алканына алынгандыгы" белгиленди. 

Маалыматта бул чечимдин бардык тейлөөлөрдүн жогорку сапатта болушу, умрага баргандардын маданий жана диний тажрыйбасын байытуу иштеринин бир бөлүгү экендиги билдирилди. 

Сауд Арабиянын каалаган аэропортунан виза ала алган мамлекеттердин жарандары, ошондой эле Америка Кошмо Штаттарынан (АКШ, Англия жана Шенген визасынын ээлери) паспортунда кирүү мөөрү бар жарандардын бир жолкуга таандык жеңилдик менен умра зыяраттарын оңой аткара ала турганы айтылды.

Билдирүүдө ошондой эле үй-бүлөлүк жана жеке зыярат үчүн визасы барлар Сауд Арабиядагы туугандарына жана досторуна зыярат кылуу учурунда «Умра» арызы аркылуу алдын-ала жазылуу жана бирдиктүү улуттук виза платформасына кайрыла ала тургандыгы айтылды.

Последние новости