www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көп бала, аз «баля», аз бала, көп «баля»...

 Санчы сынчы эл аралап жүрүп бир кедейдин үйүнө кез келип, ошол үйгө түнөп кетүүгө аттан түшөт. Торгой камаса турбай турган жыртык кийиз үй, жерге төшөлгөн жыртык кийиз, ар жерде өскөн көк чөп, отурганга орун жок .

Үй ээси ийилип : 

- Аксакал төргө, жогору чыгыңыз - дегенде аялы салаарга төшөгү жок башындагы ак жоолугун жерге жая салыптыр .

 Ошондо Санчы сынчы: 

- Келин мындай кереметти ушул жашка келгиче көрбөптүрмүн. Сенин ак ниетиңе ыраазымын. Башыңан дөөлөт кетпесин - деп батасын берет да жерден эңкейип жоолугун алып берет да.

- Башына салынып ал - дейт 

Кедей жалгыз эчкисин союптур.

Санчы сынчы үй ээсине:

- Айылдын элин баарын чакыр .

Эттин баарын сал. Санчы сынчы менин үйүмдө бир нече күн конок болот деп кабар айт - дейт.

Айылдын эли бул кабарды уккан соң жапырт чогула кедейдин үйүнүн жанына ак кийиз үй көтөрүп, колунда бар дүйнөсүн алып, союшуна бирден мал жетелеп келе башташат .

Санчы сынчы бир нече күн болгон соң элге :

- Ушу мага атап алып келген дүнүйөңөрдү үй ээсине бергиле - деп үй ээсине батасын бериптир .

Ошол бата сөздөн соң кедей жигит байлык күтүп дөөлөттү адам болуптур. Ак жоолуктун касиети ушундай. 
Келин  Ак жоолугун менен жүгүнүп бата алат. Бата менен көгөрөт. Ак жоолук салынган келин түшкөн жеринен байлык дөөлөт издөө эмес, алтымыш  эки тамырын жибитип урпак болочогунун амандыгын тилөө керек экен.  

Келин ак жоолугун салынган күндөн баштап түшкөн жеринде элинин тилегин тилейт. Жаңы түшкөн келин ак жоолугун салынып жаңжал болгон жерге барып салам берсе, кан төгүш болсо да жаңжалын токтотушкан. 

Жаңы келин болуп келген келиндин ак жоолугун сыйлашкан. Ошондон кийин келиндерге ак жоолук ыйык болуп саналат.

Сарпайы кийгизүү

«Кан баласы Каныкей,

Чорого сарпай жабам - деп,

12ден топчу кадаган,

Мылтык огу жадаган,

Жакасы алтын, жеңи жок,

Алып жапты сарпайды» (Манас)

Бул - биринчиден, сырт кийим. Экинчиден, бут кийимдин аталышы. «Тукабадан сарпай кийигизип, туугандыгын билгизип», - деп да айтылат. Кымбат кездемеден тигилип, урматтууларга, куда сөөктөргө ж.б.ларга урматтуулар тарабынан баштан аяк кийгизилүүчү кийими, каада-салт күтүүнүн жогорку чеги...

Жаштын тилегин берүү. Бул - адамдын алга карай, илгери үмүткө үлгүрүүсү. Ошондой болууга кылган аста-секин ички аракеттери, инженер болсом», «врач болсом», «мугалимдикти сүйөм», «журналист аталсам» жана башка жаштык кыял чабыттарынын адамдардан өнүп чыга келүүсү. Жаштык тилек таттуу тилек, максаттуу эмгек. Келечегине кесип тандоосу, анысы дал келүүсү...

Эл ичинде миң киши, үйгө келсе бир киши. Бул - адамдардын сапаттарына карата айтылуусу. Айрымдар элдик аталып, калк аралоосу. Айрымдар калк арасында кадырлуу, барктуу-нарктуулугу. Үйүндө, өз чөйрөсүндө катардагылардын бири, жөнөкөй көрүнүүсү, саналуусу.

Жалгыз аттуулар, жайдак тондуулар эл ичинде өзүнүн өнөрү, чегелүүлүгү, айлакер, амалдуулугу, туурадан сөз тапкандыгы, туюктан жол чапкандыгы, чебердиги аркылуу «топ бузуп», ошонусу менен алыс-жакынга бирдей таанылуусу. Мисалы, Жейренче менен Куйручук, Жоошбай, Шаршен, Мидин, Байдылда өңдүүлөрдүн атак-данктары артылып барууда...

Устукан шайлоосу. Бул - наркты-салтты сактоочулук. Кыргыз Атада мал союусу, келген меймандарды сыйлоосу, аш-тойлорду өткөрүүдө, ошого карата тартылуучу табактардын сыйлуулугу. Мындан ич ара бири-бирине тап жылдырбоолору, ата-баба ар-намысына доо кетирбөөлөрү. Келген адамдардын жаш өзгөчөлүгүн эске алуулары, ошого жараша ага устукандын ылайыкташкандыгы, табакчы (чыгданчы) алдын-ала билип туруусу.

- Үйгө кимдер кирди?

- Токтонаалы карыя. Аа, ага жамбаш ылайыктуу.

- Дагы кимдер олтурат?

- Ага жото жилик шарттуу.

- Алтынай байбичеге куймулчакты коёлу.

- Ага тыштуу кабырга, беркиге каржилик.

Мына ушундай жол-жоболордун жеринен шартталып келүүсү аркылуу элибиздин ызаатын билдирүүсү. Бодо эти менен жандыктын этин тартууда өзүнчө аксакал устукандардын бардыгы. Төөдө, жылкыда, уйда, топоздо уча, бел арка, моюн арка, жамбаш, тыштуу кабыргалар барктуу туруусу.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости