www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акчаны «сүйгөндөр» жыйнала баштады. Булар өкмөттө туруп элди ойлошпой, кантип акча таап байысам дегенде эки көзү төрт. Отуз бир жыл жылмая күлүп, кем акыл ажолорду мурдунан жетелеп алып, мурундарына мурунтук салып, жондоруна ээр токуп, үстүнө шап минип, мыйзамдын эки тизгин, бир чылбырын колуна кармап, эки-үч ажону кыдыңдата минип алып, кимдер гана жүрбөдү.

Жашаймын түбөлүккө сени менен

Дайыма жарык чачкан күнүм белең

Сен барда жалаа калың, шылтоо кенен.

Жашаймын сени менен акчабайым,

Түбөлүккө картайбаган сүйүүм менен.

Кайырма:

Кыялдарга батам түркүн,

Акчабайым мага сүйкүм.

Бүт  өмүргө шерик болуп,

Биз таанышкан ошол бир күн.

Оо, акчабай өмүрлөшүм,

Менин тапкан көңүлдөшүм,

Сен бар үчүн бактылуумун.

 

Министр болуп болуп жүрүп «боссторума»,

Мыйзамды далай ирет кооздодум да.

Ар кимди камчы менен төбөгө чаап,

Министр болуп жүрөм досторума..

Кайырма:

Кыялдарга батам түркүн,

Акчабайым мага сүйкүм.

Бүт  өмүргө шерик болуп,

Биз таанышкан ошол бир күн.

Оо, акчабай өмүрлөшүм,

Менин тапкан көңүлдөшүм,

Сен бар үчүн бактылуумун.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости