www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиядагы Нортумбрия университети 400 миң фунтка (0, 5 млн доллар) айыпка жыгылды. Буга, эксперимент учурунда, аталган окуу жайдын 2 студентине, кофеиндин дозасын ашыкча берип алышканы себеп болгон.

Алар - адам физикалык кыймылда болгон учурда, кофеиндин канчалык деңгээлде таасири тийээрин аныктап жатышкан.

Туура эмес жасалган эксперименттен улам, студенттерге 300 чөйчөк кофеге тең болгон дозадагы кофеинди беришип, күткөн натыйжадан 100 эсе жогору жыйынтык алышкан.

Мындай доза адамды өлүмгө чейин жеткириши мүмкүн. Бактыга жараша, студенттер Алекс Розетто менен Люк Паркин тирүү калып, 10 кг салмак ташташкан. Учурда абалдары дурус.

Булак: "gezit.kg"

Последние новости