www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мисир Ашыркулов Акаев убагында коопсуздук кызматынын төрагасы, коопсуздук кеңешинин катчысы, президенттик администрациянын башчысы кызматтарын аркалап, “доссекретарь”, “серый кардинал” аталган.
Бирок, коррупцияга аралашпай, жаман сөздөн алыс жүргөн. Аягында президенттик тактын мураскору катары аталган Мисикеге Майрам Акаеванын тарапташтары тарабынан граната ыргытылып, Ашыркулов Москвадагы Иванов өңдүү (Орусиянын президенттик администрациясынын кечээги башчысы) таасирлүү достору аркылуу четке чыгып кеткен. Азыр да Орусия бийлиги менен жакын байланыштагы таасирдүү инсан. Учурда Кыргызстандагы жаңы бийликти колдоп, кичи мекени Чүйдө Жээнбековду колдоп атканы тар чөйрөдө белгилүү болду. Арийне, Ашыркулов өңдүү эл-журтта кадыр-баркы зор саналуу инсандар азыркы бийликти колдоп атканы анын кадыр-баркын ашырмакчы.
Булак: “Майдан.kg”