www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асия Сасыкбаева менен Рита Карасартова камакта калды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалган айымдардын бөгөт чарасын кароону улантууда.

Соттун чечимине ылайык, саясатчы Асия Сасыкбаеванын жана укук коргоочу Рита Карасартованын камактагы мөөнөтү узартылды.

Алар 20-апрелге чейин СИЗО-1де камакта калтырылды.

15-февралда райондук соттун чечими менен 11 жаран 20-апрелге чейин тергөө абагында калды. Нурлан Асанбековдун жана Орозайым Нарматованын үй камагы эки айга узартылды.

16-февралда Айданбек Акматов, Атай Бейшенбек, Айбек Бусурманкулов, Кубаныч Кадыров, Марат Баязов жана Эрлан Бекчоро 20-апрелге чейин камакта калды.

Мамбетжунус Абылов ооруканада жаткандыктан анын бөгөт чарасы сырттан каралып, ал дагы эки айга тергөө абагында калтырылды.

Өткөн жылдын октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразычылыгын ачык билдирип жүргөн 20дан ашуун саясатчы, активист жана блогер камалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген шек менен кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого саясатчы, активисттердин 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Кийин бул ишке «жашыруун» деген гриф коюлган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости