www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын жетекчилиги коронавирусту жеңгендигин жарыялады.
Бийликтин билдирүүсүндө өткөн жылдын ноябрь айынан тартып өлкөдө пандемия режиминен туруктуу жашоого өтүү ийгиликтүү ишке ашырылган. 200 миллиондон ашуун ооруну жугузуп алган адамдар медициналык кызмат көрсөтүүдөн пайдалана алышкан.
"Синьхуа" агенттигинин билдиргенине караганда кайрылган 200 миллион адамдын 800 миң адамы өтө катуу ахыбалда кайрылышып, сакайып чыгышкан. Өлүм-житим мурдагыдан өтө аз болгон. Ошентсе да Кытайдын Саясый бюросу бир жарым миллиарддык Кытай элин сак болууга чакырды. Жергиликтүү бийлик органдарына катуу тапшырмалар берилип, калктын улгайган бөлүгүнө вакцина алууларын тездетүү чараларын көрүү милдеттендирилди.
Бирок өлүм-житимдер аз деп маалымат берилгени менен өлүктөр өрттөлгөн крематорийлер жетишпей жаткандыгы айтылат. Расмий маалыматтарда "декабрдан февраль айына чейин 83 150 адам кайрылган" деп айтылганы менен реалдуу жашоодо мындан алдаганча көп деген фактылар кездешет. Ал эми өлүм-житимдерди "башка оорулардан улам болуп жатат" деп дарыгерлерди айтууга мажбурлап жатышат деген пикирлер айтыла калууда. Чыныгы кырдаал кандай?
Булак: NazarNews.kg