www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германияда аэропорттор иш таштап баштады

Германияда аэропорттор иш таштап баштады. Эскертилген масштабдуу иш таштоолордон жүз миңдеген жүргүнчүлөр жабыркоодо. ADV аэропорттор бирикмеси эмгек келишимдеринен улам чыккан бул чатакты болуп көрбөгөндөй эскалация деп мүнөздөдү.

Бүгүн эртең менен башталган аэропорттордун иш таштоосу өлкөнүн аба каттамдарынын ишин сенек абалга алып келди. Алгач бул акция иш таштап жатышкан 7 аэропорттун ичинен жалгыз гана түнкү рейстерди ишке ашырууга укугу бар Ганновер аэропортунан башталды.

Very.Di профсоюз уюму бул аэропортто иш толук токтогонун билдирди. Акциянын уюштуруучулары акырындап өлкөнүн Франкфурт-на-Майне, Мюнхен,  Штутгарт, Бремен, Гамбург, Дортмунд шаарларынын аэропортторун да иш таштоого көндүрүү ниеттери бар.

ADV Аэропорттор бирикмесинин билдиргенине караганда 2340 рейстин токтошу 300 миң адамдын учууларын үзгүлтүккө учуратты. Иштөө шарттарын жакшыртуу талабы менен чыгышкан аэропортчуларга Германиянын мамлекеттик кызматтарында иштегендер да кошулуп кетиши мүмкүн.

Ver. Di профсоюз уюму өзүнүн 2,5 миллион мүчөлөрүнүн эмгек акыларын 10.5 пайызга көтөрүүнү, 500 евродон бир жолку төлөмдөрдү камсыз кылып берүүлөрүн талап кылып жатышат. Эмгек келишими 12 айдан кем түзүлбөсүн деген да талаптары бар. Жумуш берүүчүлөр мындай талаптарды аткаруудан баш тартып жатышат. Кийинки сүйлөшүүлөр 22-23-февралда Подстамда болот. 

Нур БАЙГАЗАК

Булак: NazarNews.kg

Последние новости