www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бийликти басып алуу максатында массалык баш аламандык уюштурган деген шек менен Бишкектеги СИЗО-1де камакта жаткан Асия Сасыкбаева кардиологиялык клиникада текшерүүдөн өтүшү керек. Бул тууралуу парламенттин экс-депутаты Наталья Никитенко билдирди.
Анын айтымында, Асия Сасыкбаеванын ден соолугу бир топ начарлап кеткен. Ал жогорку сапаттагы диагностикага жана андан кийинки дарылоого муктаж.
«Мындан тышкары Гүлнара Журабаева дагы ооруканага жаткырылышы керек. Анын өнөкөт оорулары күчөп кетти. Аялдар өздөрүн абдан жаман сезип жатышат”, - дейт Наталья Никитенко.
Асия Сасыкбаева менен Гүлнара Журабаеванын кызыкчылыгын коргогон адвокаттар камакка алынган адамдарды ооруканага жөнөтүү өтүнүчү менен Жаза аткаруу кызматына кайрылуу ниетинде экени айтылды.
Булак: NazarNews.kg