www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз медиа элитасында «мен деген» менежерлердин бири Жыпара Жээналиева. Бирге иштешкен адамдары анын бир мүнөздүү, оор басырыктуу жана тыкандык, кылдаттыгы ушул даражага жеткизди дешет. Аны өтө ашкан акылдуу, алысты көрө билген, караңгыда жол тапкан, тикенектүү жолдон тытылбай аман чыккан, уюштуруп  кетүүнүн жолун эң жакшы түшүнгөн адам катары баалашат. Кыязы, ал кечээкисин да, эртеңкисин да пландап, алдын-ала билип, көзү ачыктай  иш жүргүзөт окшойбу. Анын карьерасынын өсүшүнө дал ушул сапаттары жардам бергендей. «Жүз сомуң болгуча, жүз досуң болсун» - дешет. «Жүз досуң болгуча, бир Жыпара Жээналиева болгону андан бетер жакшы». Балит журналисттер бар, алар гезитти башкарса, башы иштебесе да тааныштарын тартат. «Ат качырбас боз айгыр» Жыпара Жээналиевадай журналисттер бар, булар таанышына карабай иштөө дараметине карайт. Көп жерди өз дарамети менен бутунан тургузган Жыпара Жээналиеваны “Кыргыз руху” гезитинин коммерциялык директору болуп тургандан бери жакшы тааныйм. Ал бетке айткандан улам, ар кимдин ушагы менен ал кезде ушул гезиттин кожоюну Арстанбек Дүйшөмбиев бошотууга дуушар болгон. Бирок, көп өтпөй ал ушул гезитти коммерциялык директор катары бекер бошотконун түшүнүп, бармагын тиштеген.

Жыпара Жээналиева ал кезде бутунан тура албай жаткан “Жаңы кылым” гезитине Башкы редактор болуп барат. Иши жүрбөй жаткан гезит өйдөлөп, ал кезде “тиран” болуп бараткан Аскар Акаевге биринчилерден болуп каяша айтып тургандыгы үчүн элдин сүйкүмдүү гезитине айланат. Бул гезиттин кожоюну ал мезгилде Акаевге оппозицияда турган Үсөн Сыдыков эле. “Жаңы кылым” гезитинин өсүп баратканына лидери Үсөн Сыдыковдун эмгеги, турган-турпаты таасир этип турган. «Вазир жакшы хан жакшы»-дегендей Жыпара Жээналиеванын да эмгеги бар экенин танбайбыз. “Жаңы кылым” гезити элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп турганы оппоненттеринин ичин ачыштырып турган. Жыпара Жээналиева оппоненттерге да аша чаап мамиле кылбаганы цивилдүү саясатты түшүнгөндүгү го?  Үсөн Сыдыков Аскар Акаевге биринчи оппонент болуп турганы “Жаңы кылым” гезитинин ошол учурда көкөлөп өсүшүнө шарт түзүп берген. Арийне, андан башка адамдар деле бул гезитке Башкы редактор болуп бул гезиттин алдыга чыгышына шарт түзүп бере алган эмес. Жыпара Жээналиева оор учурда  Үсөн Сыдыковду таштап кетпегени анын мыктылыгы, анын колуна кол, бутуна бут болгон.

«Жылда туусам, жылда жок, жылда жылан жеп коёт» дегендей оош-кыйыш замандарда арка –бел болгон Жыпара Жээналиеванын позициясынын атылган октой түздүгүнө таң калам. Кээ бирөөлөр капталга, артка бурулуп, өйдө-ылдый  мөңкүп кете беришет. Бир гана Жыпара Жээналиева элдин «жеңилин жерден, оорун колдон алып», эл үчүн күйүп-бышып келе жатат. Ал канчалаган жылдардан маалыматтын укугун талашып, чарпалып келбеди. Бирок өз изинен тайган жок. Акаевдик режимдин элге каршы жасаган былыктарын көзүнө сайып көргөзүп, тебеленип бараткан элдин укуктары үчүн ДЗОТко төшүн тосуп жүрдү. «Өз көмөчүнө күл тарткан» адам болсо, бийликтин тилинен чыкпай башын ийип жүрө бермек. Жыпара Жээналиева акыйкат дегенде ичкен ашын жерге коюп чуркап иштегендиктен, элдин жашоо шартын оңдоо боюнча көптөгөн мыйзамдарды, программаларды өз гезитине чыгарып, элдин тилегин жүзөөгө ашырууга салым кошуп келди. Жылдан-жылга өсүп бараткан инфляция, элдин айлыгын «обгондоп» өтүп, алар оор абалда калып жатышат. Акаевдик реформа аягына чыкпай койду, деги эле кардын тойгуза албаган эл миллион реформа жасаса да ишке ашпайт да. Эң биринчи реформа элдин курсагын тойгузуш керек.  Капчыгы күндөн-күнгө жукарып бараткан эл. Буга кайсы бийликтин жаны ачыган эле. Бир мүшөк унга жетип-жетпеген айлыгын аңдып, ар тараптан текшерип, «терисин тескери сыйырып» келатышат.

Үсөн Сыдыковдун артынан Жыпара Жээналиева асылып жүрүп элдин «көтөрүм» болуп бараткан айлыгын кеп кылып, акыры 2005-жылы мартта революция болуп кетет.  Үсөн Сыдыков 2005-жылы мартта президенттик аппаратты колго алып Бакиевдин бутуна бут, колуна кол болгон адам. Ал УКМКнын жетекчиси Таштемир Айтбаев менен бирге бир жыл ушул тармакты алып барып келишкен. Баса, булар бийликтен бошогон соң Рысбек Акматбаев атылып, Медет Садыркуловдун бийликти  “беш колдогу манжадай” өзү билүүсүнө шарт түзүлгөн.

Андан бери канчалаган бийлик алмашпады, бирок инфляция деген кайрадан «обгондоп» баратыр. Жыпара Жээналиева бир гана элдин  айлыгын гана көтөрүүнү мойнуна албастан, гезиттин Башкы редактору катары ар бир жеңишке аралжы болгон. “Жаңы кылым” гезити лидерин таап, кыргыз элине күйүмдүү инсан келгенине шек жок эле. Бир нерсени айтып койбосо болбойт, мен ушул гезитте иштеп калдым. Биз ошол кездеги бийликти сындап нечендеген “баш катыра” турган макалаларды чыгардык. Ал эмес Максим Бакиевди шылдыңдап чыгарганыбыз  ага жакпай Үсөн акенин уулу Бакыт Сыдыковду  чакыртып алып “Эмне үчүн мени ушундай шылдыңдайсыңар” деп кокологону бар.

Кийин мен ооруп калдым, “Чүй баяны” гезитине Башкы редактор болуп калган Жыпара Жээналиева келип чогуу иштешели деп калды. Ошентип, мамлекеттик гезитте иштеп калдык. Жыпара Жээналиева өзү чуркап жүрүп гезитке миллиондогон акчаларды түшүрүп жатты. Бирок курч жазылган материалдардан улам Атамбаевдин заманында Алтынбек Максүтов деген маданият министрине жакпай Жыпара Жээналиеваны бул гезиттен түп -тамыры менен жок кылган. Ал мезгилде өкмөт башында Темир Сариев эле, көп өтпөй ал кызматынан кетип, ордуна Сооронбай Жээнбеков келгенде издеп жүрүп Жыпара Жээналиеваны кайрадан ушул кызматка койгон.  Алтынбек Максүтов да кызматынан оодарылган. Эми кайрадан Алтынбек Максүтов маданият минстри болор менен, тиш кайрап Жыпара Жээналиеваны кызматынан шыпырды. Эмне ал түбөлүк министр болмок беле, кайрадан Жыпара Жээналиева “катуу жөтөлө” турган учур келер. Майрамың менен Жыпара, сага жакшылыктарды тилейм!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg    

  

Последние новости