www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мугалим окуучулардын алдында кызды сабабай сабактан кийин сүйлөшүүгө чакырып, тил табышууга аракет кылса болмок», - деди бүгүн, 30-майда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Асия Сасыкбаева.

«Кандай болгон күндө дагы мугалим биринчи иретте тарбиялоочу. Ошондуктан «өзүнөн чыкпай» туура эмес мамиле болсо, сабырдуу болуп ошол кызга түшүндүрүш керек болчу.

Окуучулардын алдында сабабай, сабактан кийин сүйлөшүүгө чакырып, тил табышууга аракет кылса болмок. Өзгөчө өспүрүмдөрдү тарбиялоо өтө татаал бирок, чыдаш керек жана ар кандай методикаларды колдонуп агрессияларын минималдаш үчүн аракеттенүү керек.

Мугалимдин кылганы чектен чыгуу балким психикалык жактан оорукчан. Менин оюмча, үй-бүлөсүндө да көйгөйлөрү бар, жардамга муктаж ойшойт. Мугалимдердин көбүнүн нервтери жукарып кеткендиктен, жыл сайын жакшы эс алууга мүмкүнчүлүк болуш керек», - деди Сасыкбаева.

Эске салсак, интернетте мугалим окуучу кызды чаап, уруп жаткан видео тараган. Кийинчерээк окуя эмнеден башталганы, 7-класстын окуучусу педагогго каяша айтып, айтышып, урушуп жатканы тартылган видео жүктөлгөн. Окуя боюнча билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев да үн катып, милиция ишти иликтей баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости