www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Европада президент Владимир Путин ооруп жатат деген кептерге комментарий берди.
Министрдин айтымында, орус лидеринин эл алдына чыгып сүйлөгөнүн күн сайын көргөн акыл-эси соо адамдар андан оорунун белгилерин таба алышпайт.
"Президент Путин күн сайын эл алдына чыгат. Аны экрандардан көрүп, анын сүйлөгөн сөздөрүн окуп, уга аласыз. Менин оюмча, акыл-эси соо адамдар бул адамдан кандайдыр бир оорунун же оорунун белгилерин көрө албайт", - деди Лавров Франциянын TF1 телеканалына берген маегинде.
Daily Mirror гезити Орусиянын президенти Владимир Путиндин рак оорусуна чалдыкканын жана үч жыл өмүрү калганын жазды. Путиндин да көзү көрбөй калганы айтылган.
Булак: NazarNews.kg