www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия президенти Владимир Путин Украинадагы абалды жөндөөнү Франция президенти Эммануэль Макрон жана башка кесиптештери менен талкуулоого даяр. Бул туурасында РФтин ТИМ жетекчиси Сергей Лавровдун айтканын РИА Новости жазды.
Министр Путиндин алардын (президенттердин – ред.) риторикасына карабай, чындыгында эле ал тараптын Европадагы коопсуздук жаатындагы кризисти чечүү ниети болсо бул кадамга бара тургандыгын белгилеген.
"Биз эч кимге жабышпайбыз. Эгерде кимдир бирөөлөр биз менен алака кылып телефондон сүйлөшүүнү же жеке кездешүүнү айтышса, президент Путин кесиптештерине эч качан жок дебейт", — деген Лавров TF1 телеканалына маек берип жатып.
Ошондой эле, министр эгерде Макрон Путинге сүйлөшөлү деп кайрылса, ал өтүнүч аткарыларына кепилдик берген.
ТИМ жетекчиси "Европа биримдигинин лидерлери баары коомчулуктун алдында Орусияны агрессияга алдырды деп күнөөлөп, уруштун кебин жакшы эле айтып келе жатышкандыгын" баса белгиледи.
"Бул кеп-сөздүн артында учурдагы Европа коопсуздугундагы кризиске себепкер болгон көйгөйлөрдү чечели деген ниет турса, биз сүйлөшүү үчүн ачыкпыз. Макрон менен Путиндин мурдатан бери эле бири-бирине ишенген мамилеси бар. Эгерде сунуш кылса, анысы кабыл алынат", — деген Лавров.
Белгилей кетсек, бүгүн, 30-майда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен орус лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү күтүлүүдө.
Өз кезегинде Түркиянын президенти сүйлөшүү үч тараптуу болуп, ага Украина президенти Владимир Зеленскийда катышаарын айткан. Бирок, Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин менен Эрдогандын сүйлөшүүсүнө Зеленскийдин катышуусу пландалган эместигин билдирди.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg