www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адабиятка ат көтөргүс кызмат кылган Мамат Сабыров

Академик Аскар Какеев илимий конференция, же жыйындарды “Улуу урматтуу Аскар Акаевич, же Аскар Акаевичтин улуу сөздөрү” деп ачып, кээде “Улуу урматтуу Майрам Дүйшөновна!” деп колун көкүрөгүнө коюп, жүгүнүп да жибере турган.

Анын сыңарындай, адабиятчы Бекташ Шамшиев “Азаттыкта” кайсы калемгер жөнүндө жазбасын, сөзүн “классик” деп баштайт, ал “классик” кылбаган калемгер деле калган жок окшойт. Ал эми биз сөз кыла турган жазуучу Мамат Сабыров классик деле эмес, бирок, таланттуу жазуучу. Азыркы кыргыз адабиятынын көчүн улап, чаалыкпай изденип, негизги жүгүн көтөрүп бараткан калемгерлердин бири. Мамат чыныгы чыгармачылык жолду басып өттү. Калеми төшөлүп, торолуп, жетилип, өзүнүн индивидуалдуу стилине ээ болду. Ал журналистика менен чыгармачылыгын айкалыштырып алып келатат. Негизи гезиттин түйшүгү көп болот, кабарчынын убактысын, энергиясын, жашын да алат.

Ага чыдаган киши чыдайт. Мамат “Ленинчил жаш”, “Асаба”, “Агым”, “Азия Ньюс” гезиттеринде эмгектенди. Биз “Ленинчил жаш” гезитинде чогуу иштешип калдык. Раматылык Мелис Эшимкановдун сунушу менен убагында башкы редактор Акбар Рыскулов Мамат Сабыров, Нурдин Жангараев, Талант Конокбаев жана мени ишке алган. Ал чапкылап республиканын райондорун кыдырып, командировкага көп чыга турган. Көрсө, Макең чарбаларды жөн эле кыдырып кабар жаза бербестен, чыгармачылыгы үчүн да материал топтоп, эл-жер көрүп, барган жеринде да тынбай иштеп, аңгемелерин жазып жүрчү турбайбы... Мамат Сабыров китепкөй, көп окуган чоң интеллектуалдардын бири.

Биз бирге иштеген ошол жылдары демократия, айкындуулук жаңы башталып, мурда тыюу салынган жазуучулардын китептери жаңыдан чыгып жаткан кез. Анна Ахматованын, же Варлам Шаламовдун китептери кайсы китеп дүкөнүнө түшкөнүн да Маматтан укчубуз. Бир жолу мен Ноокенге командировкага барып, убакыт болбой кечке маал китеп дүкөнүнө барсам, жабылып калыптыр. Терезесинен карасам Б.Пастернактын китеби турат. Көзүм баягы китептен өтүп кете бердим.

Редакцияга келгенде “Ноокенде Пастернак турат” деп Маматка айтсам, райкомкомсомолунун катчысы Мисир деген жигитти тааныйт экен, ошол жерден эле чалып, Ноокендеги Пастернактын баарын редакцияга алдырткан Ошентип, Маматтын аркасы менен баарыбыз Пастернактын китебин окуганбыз. Коом маңкуртчулукка ооп бараткан азыркы учурда адабиятты аздектеп, тер төгүп, мээнет кылып, китеп артынан китеп чыгарып, чыныгы чыгармаларды жаратып жаткан жазуучулар саналуу эле.

Аңгеме жанрынын Аман Саспаев, Ашым Жакыпбеков, Мурза Гапаров, Абдиламит Матисаков сыяктуу чеберлеринин салтын улап, кыргыз аңгемесин жаңы деңгээлге көтөргөн да Мамат Сабыров болду. Анын аңгемелеринин негизги каармандары 80-жылдары чоң турмуш жолуна аттанган муундун өкүлдөрү, кырчындай кезинде афган согушуна катышкан жоокерлер, 90-жылдардагы каатчылыкты көргөн, ошонун азап-тозогуна чыдап, демократияга ишенип, алданган ар кыл мүнөздөгү, ар кандай көз караштагы типтер. “Жол” (2009), “Балалыктын теректери” (2010), “Арзыкан” (2015), “Акыркы сапар” (2018) китептериндеги аңгемелер ушуну ырастап турат. Мамат Сабыровдун аңгемелери жөнөкөй эле баяндоолордон тургансыйт, бирок, анда жөнөкөйлүктүн татаалдыгы бар.

Ал чеберчиликтен келип чыккан жөнөкөйлүк. Себеби, Мамат Сабыров узана берип, өзүнө гана таандык индивидуалдуу стилин тапкан, аңгеме жанрынын татаал сырларын терең өздөштүргөн чебер жазуучу. Билинбеген менен ал азыркы адабиятка ат көтөргүс кызмат кылып жатат. Көрүнгөндү мактаган көшөкөр сынчы, адабиятчылар анын кадырын, баркын билбейт окшойт.

Бирок, кезинде Чыңгыз Айтматовду Кеңешбек Асаналиев ачып бергендей, келечекте Сабыров таануучулардын чыгарына ишенем. Мамат Сабыров наам, сыйлыкка умтулган жок. Себеби, келечекке алар эмес, чыгармалар каларын билет. Ошон үчүн ал чыгармаларын ийине жеткире ийлеп, сомдоп иштегенди негизги парз катары эсептейт.

Ошентип, адабиятка, журналистикага эмгеги сиңген, кутман куракка келип калган досумду 60 жылдык мааракеси менен куттуктап коёюн деп, “а” деп оозумду ачканда эле айтылган сөздөр ушул болду. Буюрса, дагынкысы дагы бар...

Булак: Азия News гезити

Последние новости