www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 “Ошондой эле сени оор мезгилде сатып кетпеген тарапташтарыңды мезгил өткөн сайын өтө баалап каласың”.

Мындай пикирин учурда Москвада жашап-иштеп жүргөн Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев "Азия news" гезитине берген маегинде билдирди.

“Саткынчылык - жашоо сыяктуу эле түбөлүктүү. Саткынчылык баардык элде кезигет, кыргыздарда деле бар. Бирок, ар дайым жакын адамдардын саткынчылыгы жанды кейитет. Ал менин башымдан да өттү. Бирок, тилекке жараша, мен жаратылышыман кекчил эмесмин. Саткындарга Кудай өзү сот болсун. Ошондой эле сени оор мезгилде сатып кетпеген тарапташтарыңды мезгил өткөн сайын өтө баалап каласың. Мен аттарын атабай эле коёюн, бирок аларды дайыма урматтап-сыйлап, аларга жакшылык тилеп тураарымды билдирип кетким келет”, - деп айтат анда Акаев.

Эскерте кетсек, Аскар Акаев 2005-жылдын 24 -мартында элдик толкундоолор революцияга өсүп жетип, анын натыйжасында ал Кыргызстандан качып чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости