www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дубайдын мураскор ханзаадасы шейх Хамдан ибн Мохаммед Аль Мактум Өзбекстанга келип, куш салып аңчылык кылып жүрөт. Өзбектер сыйлуу коногуна Навои облусунда аңчылык тур уюштуруп беришкен. Бул тууралуу ханзаада өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазган.
Новои облусунда тоодактарды көбөйтүү жана сактоо боюнча борбор бар. Борбор 2008-жылы Дубайдын эмири Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун демилгеси менен ачылган. Бул убакыт ичинде борбордун кызматкерлери 10 миңдей тоодакты эркиндикке кое беришкен.
Падышанын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өкүлдөрү буга чейин деле Өзбекстанда аңчылык кылып келишкен. Акыркы жолу мына ушундай аңчылык 2015-жылы болгон.
Белгилей кетсек, мындан 3 күн мурун Казакстандын бийлиги да Катар менен БАЭнин 4 эмирине өлкөнүн коруктарында тоодактарга аңчылык кылууга уруксат бергени маалым болгон.
Маалыматка караганда, шейхтер жалпысынан 270тен ашуун тоодакка аңчылык кыла алышат. Аңчылык убагында алар өздөрүнүн шумкарларын пайдалана алышмакчы.
Ар бир тоодак үчүн алар 656 миң 500 тенге (118 миң сом) төлөшмөкчү.
ВИП-аңчылар Казакстандын Алматы, Жамбыл, Кызыл-Ордо, Мангистаус жана Түркестан облустарында тоодактарга аңчылык кыла алышат. Бул аймактардын жетекчилигине аңчылыкка байланыштуу тиешелүү жардамдарды уюштуруп берүү милдеттендирилген.
Булак: NazarNews.kg