www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскар Акаев жана анын жакындары Кумтөрдөн акча алган эмес

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Москвага учуп кетти. Бул тууралуу коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мурдагы мамлекет башчыдан бардык айыптар алынып салынды. Акаевге козголгон кылмыш иши кылмыштын курамы жок болгондуктан токтотулган. Тергөөдө анын өзү да, анын жакындары да «Кумтөрдөн»  акча алышпаганы аныкталган.

«Аскар Аскаревдин Centerra Gold Inc. компаниясында бир дагы үлүшү жок. 2003-жылы өкмөт «Центерраны» түзүү чечимин кабыл алган. Макулдашууну мамлекеттик комиссия даярдап, анын курамына “Кыргызалтын” ишканасы, өкмөттүн жана парламенттин өкүлдөрү, анын ичинде Акылбек Жапаров кирген. Өкмөт жаңы эле келишимди жактырды. Бул келишим бекитилер алдында Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта корунун эксперттери тарабынан каралып чыккан. Алар оң баа беришти. Аскар Акаев буга чейин текшербей, мамлекеттик комиссияга ишенип, элден кечирим сураганын кемчилик деп эсептеп келген», – деди Бекболот Талгарбеков.

Ал белгилегендей, кылмыш ишин тергөө учурунда Аскар Акаевге кандайдыр бир суроолор жаралса, ал кайрадан күбө катары суракка чакырылышы мүмкүн.

Эске салсак, Аскар Акаев Кыргызстанга 14-декабрда келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости