www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 9 жаштагы кыз атасы тарабынан зордукталып жүргөн

Бишкек шаарында эркек киши жашы жете элек кызын зордуктап жүргөн. Бул тууралуу Биринчи май райондук прокуратурасы билдирди.

2020-жылы 7-февралда милицияга социалдык кызматкер кайрылып, 9 жаштагы кызды 49 жаштагы атасы зордуктап жүргөнүн айткан. Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин (эски редакция) 161-беренеси (зордуктоо) менен катталган.

Бишкек шаарынын мэриясынын балдар иштери боюнча комиссиясы кызды жарым жылга Социалдык адаптация борборуна берген.

Милициянын маалыматы боюнча, 9 жаштагы кыз атасы менен чогуу жашачу. Апасы 2 айлык кезинде кетип калган. Ошондон бери кызынан кабар алган эмес.

Тергөө учурунда 9 жаштагы кыз атасы зордуктап жүргөнүн тастыктады. Андан тышкары соттук-медициналык экспертиза да кичинекей кыз зордукталганын тастыктады. Кыздын атасы 12-мартта камакка алынган. Ага Жазык кодексинин (эски редакция) 165-беренеси (Ыплас аракеттер) менен айып тагылган жана иш сотко өткөн.

Ошондой эле Биринчи май райондук прокуратурасы 12-июнда соттон камакка алынган атаны ата-энелик укуктан ажыратууну суранган. 8-сентябрда сот бул өтүнүчтү канааттандырган.

Андан тышкары райондук прокуратура 18-июнда сотко дагы бир өтүнүч менен кайрылган. Сот ал өтүнүчтү дагы канааттандырып, 9 жаштагы кыз толугу менен мамлекет тарабынан камсыздандырылмак болуп, интернат - жатак мектебине берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости