www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакыт Жетигенов сыяктуу адамдар же оппозиция болобу эгер жөнү жок бийликти басып алууга аракет кылса бат эле өздөрү уят болуп, сот жообуна тартылат. Бул тууралуу журналист Жакшылык Бердибек уулу өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Жаңы парламент 22-декабрда ишин баштай турганы маалым болду. Демек азыркы парламент Бакыт Жетигеновдун маселесин карабайт окшойт. Анын корутундусун чыгарбай атайын создуктуруп жатканы айтылган маалымат туура окшойт.

Бакыт Жетигенов бийликти басып алчу киши эмес негизи. Дурус иштери дагы бар. Казиного каршы чыгып, сабырдуу жүргөн депутат болчу. Аларды камап коркпой деле койсо болот бийлик. Жазга чейин эл азыркы бийлике кепилдиги менен убакыт беришет. Андан аркысын өздөрүнүн колунда.

Эгерде Жапаровдор Кумтөрдөгү кирешени көбөйтүп, айлыкты жогорулатып, акыйкаттуулука багыт алып, коррупцияга каршы чын жүрөгүнөн каршы күрөшүп койсо эле эч кимди ээрчибей ушул бийликти колдоп туруп алышат эл. Бакыт Жетигенов сыяктуу адамдар же оппозиция болобу эгер жөнү жок бийликти басып алууга аракет кылса бат эле өздөрү уят болуп, сот жообуна тартылат.

Мен Бакыт Жетигеновдун аудиосун уктум. Ал жерде бийликти басып алууга болгон ачык чакырык деле жок.

Атамбаевдин учурунда аудио жазууларды чыгарып камап салганда өкүртө сындачу элек. Азыркы бийликти сындасаң «убакыт бербей жатат» - дешет кээ бирөө. Ошондуктан убакыт берели, чын тилек менен иштесин, өнүктүрсүн деп сындагың деле келбейт көп. Бирок, ушундай каталар кетип атса айтпай койсоң дагы душмандык кылган болосуң. Ошол үчүн Садыр Жапаров өзү айткандай сындаган сайын адам курчуйт, мен азыркы бийликти курчутуп турайын», - деп белгилеген ал.

Эске салсак, 28-ноябрда УКМК депутат Жетигеновду «Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү» деген айыптын негизинде кармаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости