www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул тууралуу пикирин Кыргызстандын алгачкы ажосу Аскар Акаев “Азия news” басылмасынын кабарчына жооп берип жатып билдирди.
“Кыргыз-кытай чек ара маселеси XIX кылымда, падышалык Россия жана Цинь кытай империясы тушунда эле пайда болгон. Бул маселе өткөн кылымдын 60-жылдарында өтө курч абалга жеткен. Ошондо СССРдин өкмөт жетекчиси Алексей Косыгин жана Кытай өкмөт жетекчиси Чжоу Энлай чек арада талаш бар экенин расмий таанышып, протокол түзүшкөн. Анын ичине кыргыз-кытай чек арасындагы Үзөңгү-Кууш жери да кирип калган. Эгер эл аралык практикага көңүл бурсак, анда талаш жерлер 50/50 катнашы менен чечилерин көрүүгө болот. Мисалы, азыркы Россия менен Кытай Ыраакы Чыгыштагы талаш жерлерди дал ошондой катнашта бөлүштү. Казакстан жана Кытай 40/60, Тажикстан жана Кытай 30/70 катнашында бөлүштү. Ал эми Кыргызстан жана Кытайдын Үзөңгү-Кууш боюнча бөлүштүрүлүүсү 70/30 катнашында болду. Буга элибиз өзү калыс болсун. Биздин утушубуздун башкы себебин мен кытай элинин жана ошол кездеги жетекчилигинин Кыргызстанга, сан кылымдар бою ынтымактуу коңшусуна, жакшы мамилесинин негизинде болгонунан көрөм. Тарыхый жана саясый өңүттө биз Жеңиш жана Хан-Теңири чокуларын өзүбүзгө алып калганыбыз өтө маанилүү болду. Себеби, ал чокулар кыргыз улутунун ыйык символдору болуп саналат эмеспи”, -дейт анда Акаев.
Булак: NazarNews.kg