www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байлыкка курман болгон бакыт

Таң менен базардын күр-шар жашоосу жанданды. Адатта бул маалда орундарды ижарага алып иштеткен карапайым сатуучулар гана келишет. Ал эми анын ээлери, салыкчылар түшкѳ маал пайда болушат. Ошол себептен азыр базардын ичине чейин жулкуна кирип келип токтогон капкара жолтандабас унаа кыбыраган сатуучулардын кѳңүлүн бурду. Унаанын ичинен жѳнѳкѳй спорт кийимин кийген кара кѳз айнекчен чепейген киши жеңил түштү.

Бул – Мунарбек. Ушул жердеги катарынан жайгашкан он орундун ээси. Деги эле кабагын ачпай суз жүрѳт. Бирок сүйлѳшѳ келген адам ѳтѳ деле жаман мүнѳзү жок экенин дароо байкайт. Мындай суз тартып жүрүшүнѳ эмне себеп экенин билүүгѳ аны менен иштешкен ар бир адам кызыгып, билгиси келет. Бирок тамырын тартып, сырын сураган киши жок. Мунарбектин тапканы күн сайын ѳсүп, саат сайын киреше агып турат. Бул он контейнер байлыгынын бир эле чети. Дагы жайлоодо мал толгон сарайы, шаар ичинде бир нече батирлери, ижарада иштеген унаалары бар. Ѳзүнүн азыркы кездеги жалгыз кызматы ушунун баарын кыдырып кѳз салуу, акча чогултуу анан эс алуу. Эптеп аягына жеткенде башынын кезеги келип калат. Тыным жок.

*** Бүгүн бул орунга календардын барагында белгиленген күндѳн эрте, анан таң менен беймаал келип отурганынын жѳнү башка. Ижарачылар алмашып, эң чоң деп саналган орунду жаңы сатуучулар алган. Алар менен кѳзмѳ-кѳз кѳрүшүп, сүйлѳшчү сѳздѳр үчүн келди. Мына, эки жакты караганча болбой алдынан сулуучумак эки жигит тосуп чыгып, кол алыша учурашышты. Эки сааттай балдар менен иштин жѳн-жайын сүйлѳшкѳнчѳ жакындан таанышып да алды. Балдардын элпек кыймылы, дилгир аракеттери, андан да башкысы, бирин-бири иштен да, сѳздѳн да колдоп турган бир туугандык ынтымактары Мунарбекти суктандырды. Жигиттердин колун кыса коштошуп, бирок сүрдүү жүзү баштагысынан бетер суз тартып жолго түштү. Тынчтык тумчуктурган чоң унаанын ичинде кулагына «мен 92-жылкы болом. Иним 95-жылкы. Экѳѳбүз удаа тѳрѳлгѳнбүз» деген үн кайталанып угулуп баратты. Ал эми кѳз алдына ошол жылдар тасма болуп тартыла баштады.

*** Баары ѳз ыргагында келаткан. Диплом алды, жактырган жанына баш кошту, кесиби менен ишке орношуп, абройлуу адис болду, анан күтүп жүргѳн наристеси жарыкка келип бактысына бакыт кошулду. Алмагүл кызы менен үйдѳ отуруп калганы деле жаш бүлѳгѳ кыйынчылык алып келген эмес. Айлыгы баарына кенен жетчү. Ушинтип телегейи тегиз күндѳр ѳтүп жатканда кеңеш ѳкмѳтү кулап калды. Заматта пайда боло калган куюн баарын будуң-чаң кылып салгандай элдин эси эки болуп отуруп калды. Баарынан да Мунарбек менен Алмагүлдѳй жаш бүлѳлѳргѳ кыйын болду. Аргасыз ишин таштап, кызын апасына калтырып аялы экѳѳ борборго айла издеп келишти. Эл агымынан калбай бир айласын таппаса болчудай эмес.

*** Орус кемпирдин сыз үйүнѳн экѳѳ баткандай башпаанек табылды. Тардыгы да эч нерсе эмес эле, орустардын каңылжаарды жарган жагымсыз жыты жеткен кѳйгѳй болду. Ным тарткан үйдүн жытына кошулган ушул жыт үчүн эле канча уйкудан калышты. Баарына кол шилтеп түйүнчѳгүн түйүп, кѳнгѳн айылын кѳздѳй кетип калалы дешет, антүүгѳ болбойт. Айылда ата-энеси да мугалимдик иштин арзыбаган айлыгын карап, кызын эптеп чоңойтуп жатышат. Аларга экѳѳ барып кошулса тиричилик кылуу кыйындайт. Андыктан чыдагандан башка арга жок. Ушул маалда келинчеги да ооруп калды. Эти алоолоп ысып, башын кѳтѳрѳ албайт. Ѳзүнүн олку-солку болуп жарытпаган ишин таштап дароо аялынын тандырдагы ордуна кирди. Күн сайын тапканын дароо карматышкандыктан да курсактары ток болуп жатты. Алмагүл жакшы болдум дегени менен алы жок болуп, шалдырай бергенде ооруканага барышты. Кош бойлуу экен. Бирок бул нерсе экѳѳнү чындыгында кубандырган жок. Алмагүл биринчи тѳрѳтүнѳн жүрѳк үшү калган болсо, Мунарбек ал баланы багууга шарт жок экенин шылтоо кылды. Экѳѳ бирин-бири айттырбай түшүнүштү да, кеңешип туруп ошол эле жерден баланы алдырып салышты. Бул эгемендик кас-кас турган 1992-жыл эле.

*** Жаш бүлѳ тандырга нан жабуу менен жашоонун жолун тапкан уйгурлар менен жакшы ымалада болуп алышты. Алардын алдында тызылдап иштеп жүрүп кирешелерин да кѳтѳртүп алышкан. Эң биринчи эле батирдин ырыстуусуна чыгып, жыргап калышты. Алгач келген жылдарга салыштырмалуу шаарга кѳнүп, айылга тез-тез акча, азык-түлүк сала башташты. Мурдагыдай мүңкүрѳп, эртеңки күн эмне болот деп коркпой да калышты. Жакшылап иштесе эле буттан турарына кѳздѳрү жетип, үмүттѳрү жарык жана баштады. Ушул маалда Алмагүл дагы бир жолу кош бойлуу экенин сүйүнчүлѳдү. Аялдык сезим менен ѳзү да кош кат болгон күндѳрдү сагынып, бала эмизип, бала жыттагысы келип жүргѳн. Тѳрѳп алам деген оюн Мунарбек дароо эле каршы алды. Кѳп ойлонбой: «Эми буттан турарда коё тур. Кийин деле жетишебиз. Бала тѳрѳлсѳ дагы батир алмаштырыш керек болуп калат. Эми кайда барат элек. Андан кѳрѳ экѳѳлѳп иштеп үйдүн ыгын табалы. Анан арты артынан тѳрѳп жата бересиң»,- деди. Ичинен канча кыйылып турса да Алмагүл айла жок эринин айтканына макул болуп берди. Анын деле айтканы туура деп ѳзүн сооротту. Күнүмдүк жашоо менен күрѳшкѳн бул учур кайсы жыл экени деле унутулуп калмактыр. Бирок ушул жылы алардын туну мектепке киргендиктен 1995-жыл үй-бүлѳлүк тарыхында жазылды. Ага катар жазылбаса дагы ушул жылы тѳрѳлбѳй калган бир баласы, болгону, экѳѳнүн тең эсинде калды.

*** Жашоо андан ары Мунарбек каалагандай уланды. Тер тѳккѳн иши берекелүү болуп акчаны кенен кармады. Аны акыл менен ишке салып ушул контейнерлерди алып, ижарага берди. Сооданын кѳзүн таап бирди эки кылып жүрүп отуруп үйгѳ да жетти. Бирок аялы канча күткѳнү менен балалуу болуу тууралуу ооз ачпай жүрѳ берди. Мунарбектин «аны алышыбыз керек, муну курашыбыз керек, тынбай иштешибиз керек» деген талаптары Алмагүлгѳ мурдагыдай шык берип, кубандырбай эле эми кыжырдантчу болгон. Ушул жашоосуна шүгүр деп бир аз эс алып жашагысы келет. Какшап ооруган буту-колун дарылатып алууну ойлоп эле ишке ашыра албай жүрѳт. Күйѳѳсү менен тең жарышып иштеген күндѳрдѳн чарчады. Ал эми эринин анын бирин уккусу жок. Дагы деле баягысынан жазбай «алыш керек, кылыш керек» дегени деген. Ушул маалда күткѳн күнү келип кош бойлуу экенин билди. Бирок тилин тишине катып жан адамга ооз ачкан жок. Керек болсо Мунарбекке да айтпады. Жайлоодон орун алып, усталарга сарай салдырып жатышкан эле. Ошону шылтоо кылып дагы алдыр деп чыгабы деп чочулады. Качан ичим билингенде ѳзү билет да, алдыр деп айтпай калат деп ой жоруду. Бирок бул тилегин таш каап ичи чоңойбой койду. Доктурга барса баланын ѳсүүсү токтоп калган экен. Ичи сыйрылып бойдон алдыртуучу креслого дагы бир жолу жатты. Байкуш аял баягы жылдарды эстеп, эгер ал балдары жарыкка келгенде канча жашка чыгып калышмак экенин эсептеп ыйлап жатты.

*** Кѳз-ачып жумганча кызы да мектепти аяктады. Ата-энеси жандарына караан тутуп кызды бербей коюшкан эле. Кыз атасынын атын эле алып жүргѳнү болбосо, буларды ата-эне деп деле санабайт. Анысы кебинен да, мамилесинен да байкалып турат. Бул да экѳѳнүн бир туюк жарасы. Ѳздѳрүнчѳ калганда гана кызынын мындай суз мамилесин кеп кылып калышпаса ата-энесине да, кызынын ѳзүнѳ да ооз ача алышпайт. Жарыкка алып келип койгондору эле болбосо ага ата-энелик мээрим бербегендери ырас да. Кызы турмуш жолун да чоң ата, чоң энесинин кеңеши менен тандады. Жогорку окуу жайда окубай эле турмушка чыгам дегенине ичтен каршы болушканы менен токтотуп кала алышкан жок. Кызы ушинтип узап кеткенде гана Мунарбек бала тууралуу баш катыра ойлонду. Ушул жашка келгенче жалаң кѳр оокат, ѳлүү дүйнѳ үчүн жанталашып келгенин моюнга алды. Артында калар туяк жок болгон соң баары куру-бекер экенин эми түшүндү. Ушинтип кырктан оогондо кѳзү ачылып, эси эңгиреди. Мындан кийин баягыдай машинени чиренип айдап, акчасына, дүйнѳ мүлкүнѳ мактанганды койду. Ал турсун ушуга чейин дос-туугандын арасында мактана сүйлѳгѳндѳрүн эстеп уялды.

*** Ырас, аялына кине коё алган жок. Эми биротоло кеч болуп кала электе бир балалуу болуп алсак дегенде ак эткенден так этишти эрди-катын. Алар күткѳн сайын балалуу болуу бактысы кечеңдей берди. Доктурдан доктурга каттап тынбай калышты. Акыры Алмагүл кош бойлуу болуп кубанышканы менен арты дагы ый болду. Бала жатынга эмес, түтүккѳ бүтүп, баланы эле эмес, жатын түтүкчѳсүн кошо алдырууга туура келди. Доктурлар мындай шартта, андан калса кырктан ашкан куракта балалуу болуу мүмкүнчүлүгү эң эле аз экенин жашырышкан жок. Ушундан кийин экѳѳ эркелешмек турсун сүйлѳшпѳй да жашап калышты. Алмагүл болгон күчүн ыйдан чыгарды. Мунарбек баарын ичине катты. Эптеп бири кеп баштаса эле экинчиси болгон бугун уу сѳз менен чыгарып ырктары кетип бүттү. Бирок эки жолго түшүүнү экѳѳ тең ойлогон жок. Ушунча жыл жандарын сабап, ден солуктарын арнап, канынан бүткѳн балдарын курмандыкка чалып жүрүп жыйнаган дүйнѳ аларды коё берген жок. Акыйлашып, ажылдашкандан майнап болбосун акыры моюнга алышып, тагдырларына баш ийип беришти. Бири-бирине мээрим менен айта алышпаганы менен мындан кийин бири-бирин караан тутуп, арка-жѳлѳк болуп жашоо гана керектигин ичтен сезишти.

*** Мунарбек ошол жылдары балалуу болушканда азыркы эки бир туугандай зыңгыраган уулдары болмоктугун ойлоп, ичи сыйрылып баратты. Акысын алуу үчүн кезектеги батирине кандай жетип келгенин да байкабай калды. Ачык каалгадан аялдын бышактаган ыйы, эркектин ачуусун араң басып ызырына сүйлѳгѳн добушу угулуп жатты:

— Буттан туруп алалы дегенди түшүнчү. Тѳрѳйсүң кийин деле. Андан кѳрѳ баланы 1-класска даярдаш керек. Акча керек. Батир акысы тѳлѳнбѳй жатат. — Батир акысын кечтим. Ушул үйдү сен ал. Балаңа тийбе. Тѳрѳсүн. Колдо болгон бир күнү тѳлѳп кутуларсың. Кутулбасаң…

Мунарбек ѳзүн ѳзү шылдыңдагандай мыйыгынан жылмайып, кол шилтей сүйлѳдү:

— Жетет мага башкасы! Ансыз да байлыгымды алып калар балам жок. Жубайлар селт этип ордуларынан туруп босогодо турган Мунарбекти көрүштү. Бирок уккан кулактарына ишенбей дел болуп тура беришти… Бул тууралуу "Леди.kg" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости