www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Аскар мырза, ТЭЦти модернизациялаган TBЕA менен келишим түзүлөрдө, аны карап, изилдеп чыгуу үчүн ТИМге үч эле күн мөөнөт берилгенин, андыктан келишимге сиз терс пикир менен жооп бергениңиз белгилүү болду. Негизи чет өлкөлүк ком­пания, фирмалар менен келишимди карап чыгууга канча убакыт берилиш керек эле?

-Ар бир иште чет өлкөлүк компания, фирмалар президент менен сүйлөшсө да, келишим түзүлөрдө сөзсүз түрдө өкмөт ТИМге тапшырма берип, жок дегенде 15 күн, стандарт түрүндө бир ай мөөнөт бериши кажет. Бул бир ай убакыт эмнеге керек? Компаниянын штаб квартирасы кайсы жерде жайгашкан, кайсы өлкөлөр менен иштешкен, тажрыйбасы барбы-жокпу, ошолор иликтенет. ТВЕА боюнча толгон-токой суроолор бар. Бул компанияны ким алып келди бизге? Долбоордун автору ким, ким жазды?

Анан да бул банк («Эксимбанк») биринчи келгенби, «ТЭЦиңерди жасап берем, подрядчиктерди алып келем» деп, же биринчи ТВЕА келип, «бизге бергиле, биз банктан акча сурап беребиз» дегенби? Биринчи мына ушуну иликтеш керек. «Ири компания, дүйнө жүзүндегү көп мамлекеттерде долбоорлорду ишке ашырган» деп мактап жатышат. Бул жерде койгон талаптар, мамилелер Кыргызстанга гана таандыкпы, же жалпы эле саясат ушундайбы? Эгер сот болсо, Гонконгго арбитражга алып барса, ал жерде ачык-айкын реестри бар. Мурунку сот болгон териштирүүлөр. Ошонун ичинде «Эксимбанк» катышканбы, жыйынтыгы кандай болгон, ТИМ ошолорду караш керек эле, Мунун баары керектүү маалымат, убакыт бериш керек. А бизге убакыт берилгенде, бул маселелердин баары сүйлөшүлгөн, ким сүйлөшкөнүн билбейм. Азыр депутатгар ошонун айынан тирешип жатышат.

-Эрлан Абдылдаев жыйында «Кытай элчилигинин кеңешчисинин канцеляриясы жазган кат Кытай мамлекетинин расмий позициясы болуп эсептелет» деди. Чын эле ошондойбу?

-Негизи эки мамлекеттин ортосунда катнаш түзүлүп жатканда, «бул жерде сенин оюң, менин оюм, министрдин ою» деп айтылбайт. Эки өлкө ортосундагы мамиле укуктук талаанын негизинде каралат. Эл арачык мамилелерге ылайык Кыргызстан Венада 61-жылы түзүлгөн эки конвенция менен иш алып барат. Бул дипломатиялык катнаш, консулдук кат­наш. Андан сырткары Кытай мамлекети менен Кыргызстан кол койгон эки тараптуу келишимдер. Ошонун ичинде дипло­матиялык катнаш жөнүндө так, ачык, айкын көрсөтүлгөн: «Өкмөтгүн, мамлекет жана министрлик, ведомствонун атынан элчилик жана консулдук мамлекет позициясын билдиргенге акысы бар» деп. Кыргыз тараптан да, Кытай тараггган да элчилик же консулдук өлкө позициясын билдирет.

Ошонун негизинде бизде Кы­тай элчилиги, Ошто консулдук ачылды. Биз Пекинге ачтык. Ал келишимде соода-сатык боюнча кеңешчинин канцеляриясы жөнүндө бир даты сөз жок. Расмий Кытайдын позициясы элчиликтин соода-сатык боюнча кеңешчинин канцеляриясынын деңгээлинде болмок беле? Мен түшүнбөдүм. Логикага өтсөк, анда элчиликтин эмне кереги бар? Канцелярия эле иштей бербейби? Суроо туулат: «Эмнеге элчиликтен сурабайт, соода-сатык боюн­ча кеңешчисинен сурайт?». Уят эмеспи!

Булак: "Азия ньюс"

Последние новости