www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Бишкекте өтүп жаткан «Европа Биримдиги – Борбордук Азия» Биринчи экономикалык форумунда сүйлөп жатып, жыл башынан бери эл аралык экономикада сакталып турган тобокелчиликтерге карабастан республиканын ички дүң продукциясы 3,4% өскөнүн белгиледи.

«Мындай динамиканын аркасында экономика COVID-19 пандемиясына чейинки өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетти», - деди ал.

Муну менен катар Мамин инвесторлордун жалпы күтүүлөрү жакшырганын, муну капитал рыногунун динамизми тастыктап жатканын белгиледи.

«Биринчи жарым жылдыкта Казакстандагы чет элдик инвестициянын түз агымы 30%дан ашты. Өз кезегинде Европа Биримдиктен келген түз чет элдик инвестициялар 15%га жогорулаган», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости