www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венгрия Кыргызстандын эмдөө паспортторун тааныды

Венгрия тарап Кыргызстандын жарандарын эмдөө үчүн паспортторду таануу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Венгриянын тышкы соода байланыштары жана тышкы иштер министри Петер Сиярто президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, эми эмдөөдөн өткөн кыргызстандыктар Венгрияга ээн-эркин кирип, бара алышат. Кошумчалай кетсек, 2022-жылы Будапешттен Бишкекке түз аба каттамдары ачылат.

Петер Сиярто билим берүү тармагын талкуулап жатып, университеттер менен гана эмес, башталгыч жана орто билим берүү тармагында да эки тараптуу кызматташтыкты түзүү зарылчылыгын белгиледи. Ал Венгрия Кыргызстан менен стратегиялык мамилелерди жогорку деңгээлде кармап туруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын ырастады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости