www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте тигүү цехинен чыккан өрттөн улам каза болгон 4 жашар кыз боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын Ленин шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана тергөө-ыкчам бөлүмү дароо окуя болгон жерге жөнөп, окуя болгон жерге барганда Бишкек шаарынын Аммосов көчөсүндө жайгашкан үй өрттөнүп жатканы аныкталган. Ошол эле учурда жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өрттөнүп жаткан үйдөн бардыгы эвакуацияланган. Кооптуу учурларды болтурбоо максатында милиция кызматкерлери окуя болгон жерди тез аранын ичинде курчоого алышты.

Келген ӨКМдин өрткө каршы кызматы үч сааттын ичинде өрттү локализациялап, андан соң өрттүн очогун толугу менен өчүрүшкөн.

Ошондой эле үйдө жашы жете элек кыз А.А. бар экени аныкталган. Ал 2017-жылы туулган, бул өрттүн кесепетинен ошол жерден каза болгон.

Бул факт Ленин райондук милициясында каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси («Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу») менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Керектүү экспертизалар дайындалды.

Аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мындан аркы тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, кечээ цехтен чыккан өрттөн улам 4 жашар кыз каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости