www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын 27-март күнү саат 11.17лер чамасында Баткен ОИИБнын нөөмөт бөлүмчөсүнүн 102 номерине Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө көкүрөгүнөн жараат алып, 1974-жылы туулган М.А.нин каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн.

Баткен ОИИБинин ыкчам тергөө кызматы менен биргеликте Баткен ОИИБинин начальниги, милициянын полковниги Мурат Боронов аталган жерге барып окуяны такташат. Аталган жерге барып, Баткен ОИИБнын начальнигинин орун басары милициянын подполковниги М. анын жансыз денесин белгисиз атуулдар “Honda Odyssey” үлгүсүндөгү автоунаада жандандыруу бөлүмүнө таштап кетишкендигин билдиришкен.

Бул факт Баткен ШИИБне Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө мурда бир нече жолу жолу соттолуп, жакында кылмыш жазасынан бошоп келген Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 34 жаштагы тургуну Н.С. маркум М.Анын жээни учтуу нерсе менен көкүрөк тушуна сайгандыгы аныкталды.

Баткен ОИИБнын жана Баткен район-шаардык ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, кылмыштын изи сууй электе Кадамжай шаарынын Пульгон айылынан кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында изин жашырып жүргөн жеринен 34жаштагы Н.С. жана анын кылмыштуу шериктери кармалды.

Азыркы күндө алынган учтуу зат боюнча экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди. 

 

Последние новости