www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Алиев кызматтан кетип, анын ордуна Жогорку Кеңештеги «Ата Журт-Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев дайындалганы кабарланды. Бул тууралуу azattyk.org Жогорку Кеңештин айрым депутаттарына таянып жазып чыкты.
Азырынча өкмөттөгү кадрдык өзгөрүү боюнча президенттин расмий жарлыгы жарыялана элек. Бакыт Төрөбаев да бул маалымат тууралуу комментарий берген жок. Маалыматтарга ылайык, кызматтан бошотулган Азиз Алиев жаңыдан түзүлүп жаткан Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун башкармалык төрагалыгы кызматына барат, деп билдирет Азаттык.
49 жаштагы Бакыт Төрөбаев 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ата Журт-Кыргызстан» партиясынын тизмесинен шайланган. Ага чейин «Ак жол», «Республика» жана «Өнүгүү-Прогресс» партияларынан парламенттин үч чакырылышына депутат болгон. 2009-жылы өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.
Эске сала кетсек, Бакыт Төрөбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дары ичиргенден бери келген бийликке жагынып, мыкты кызмат көрсөтүүдө.