www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө тиешеси бар деп шектелген Батмакан Жолболдуева менен көзү ачык кармалган. Бул тууралуу ишенимдүү булак билдирди.

Белгилей кетсек, Арзыгүл Галымбетова 25-мартта Батмакан Жолболдуеванын социалдык тармакка жазган “түнкү көпөлөк” деген сөзүн айтып, жакын курбусуна ыйлаган. Ошол эле күнү Бишкек шаарындагы көзү ачык менен сүйлөшкөн видеотасмасын өзүнүн баракчасына жүктөгөн.

Эске сала кетсек, Баткен облусунда журналист Галымбетова Арзыгүл Эшматовна 38 жашында каза болду. Акыркы сапарга 26-мартта Баткен шаарында жерге берилди.

Арзыгүл Галымбетова 1984-жылы 24-ноябрда Баткен шаарында туулган. 2009-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде журналистика жана информатика факультетин окуп бүтүргөн.

Эмгек жолун 2007- жылы «Эхо Манаса» телерадиокомпаниясында алып баруучу болуу менен баштаган. 2007-2008-жылдары «Кыргызстан обондору» радиостанциясында кабарчы жана радио алып баруучу болгон. 2008-2009-жылдары «КТР ОБО» гезитинде кабарчы болуп эмгектенген. 2010-жылдан бери АКИpress маалымат агенттигинде кабарчы, Баткен облусундагы өкүлү болгон.

Последние новости