www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевдин Баткендеги кечүү аркылуу өлкөдөн качып, Нью-Йоркко кетип калганы тууралуу маалымат Интернетте шакабага айланды. Социалдык тармактын колдонуучулары бул темада юмор менен жазылган билдирүүлөрдү, баяндарды, тамашалуу сүрөт жана видеолорду жүктөп жатышат. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Аскарбек Шадиевди "Чыңгыз Айтматов атындагы акчалай сыйлыкты кымырып алууга катышы бар" деп таап, ага сыртынан айыбын угузган айыптоо токтомун 31-майда чыгарган.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Шадиев Баткендин Лейлек районундагы кечүү аркылуу Тажикстанга, андан ары Москвага, кийин АКШга качып кеткенин кабарлаган.

Буга удаа эле Бишкектин Биринчи Май райондук соту Аскарбек Шадиевди камакка алуу жөнүндө туура бир айдан кийин сыртынан чечим чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости