www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу Замирбек Аскаров Кытай Эл Республикасынын 13-чакырылыштагы Бүткүл Кытай эл өкүлдөрү кеңешинин Туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Шэнь Юэюэ менен эки тараптуу жолугушуу учурунда билдирди.

«Учурда эки өлкөнүн кызматташтыгы болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жетти. Эки мамлекеттин башчылары тыгыз жана ишенимдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой жылуу достук мамиледе. Быйыл тараптар бири-бирине жогорку денгээлдеги сапарларды жасап, анда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков апрель айында иш сапар менен Кытайга келди. Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинь июнь айында мамлекеттик сапар менен Кыргыз Республикасына барды. Бул жолугушууларда ар кыл багыттардагы кызматташуу боюнча макулдашууларга жетишилип, бул мурдагыдан дагы жакын болууга шарт түздү», – деди Замирбек Аскаров.

Кытай Эл Республикасынын 13-чакырылыштагы Бүткүл Кытай эл өкүлдөрү кеңешинин Туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Шэнь Юэюэ эки тараптуу алака жогорку деңгээлге чыкканын кошумчалады.

«Чындыгында, бардык деңгээлдеги эки тараптуу ымала активдешүүдө. Кытай тарап «Бир алкак, бир жол» демилгесин биргеликте жүзөгө ашырууга мындан ары да жардам болооруна ишеним артат. Албетте, маданий-гуманитардык кызматташуу дагы да бекемделе берерине ишенбиз», – деп белгиледи Шэнь Юэюэ

Аны менен катар вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Кытай Эл Республикасынын негиздилгенине 70 жыл толгону менен куттуктады.

Кытай Эл Республикасынын 13-чакырылыштагы Бүткүл Кытай эл өкүлдөрү кеңешинин Туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Шэнь Юэюэ жалпы кызыкчылыктарды алдыга жылдырууну талкуулаган уникалдуу аянтча болгон, жылда өтүүчү «Кытай – Борбор Азия» кызматташтыгы форумуна активдүү колдоо көрсөткөнү үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости