www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү эске алуу менен 2020-2021-жылдары шайлоолордун графигин жарыялады.

Андагы плдандаштырылган графикке ылайык:

2020-жылдын 12-апрели - 30 жергиликтүү кеңешке шайлоо (алардын ичинен - 25 айылдык кеңеш жана 5 шаар: Ош, Каракол, Балыкчи, Токмок, Майлуу-Суу).

2020-жылдын 4-октябры – Жогорку Кеңешке шайлоо.

2021-жылдын 11-апрели - 418 жергиликтүү кеңешке шайлоо, анын ичинде:

-386 кеңешке шайлоо, алардын ыйгарым укуктары 2020-жылдын декабрында аяктайт (370 айылдык кеңеш жана 16 шаар: Бишкек, Нарын, Кара-Көл, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Исфана, Талас, Өзгөн, Кант, Орловка, Кайыңды, Шопоков, Кербен, Кочкор-Ата, Чолпон-Ата).

-ыйгарым укуктары 2021-жылдын майында аяктай турган 32 кеңешке шайлоо (26 айылдык кеңеш жана 6 шаар: Жалал-Абад, Көк Жаңгак, Ноокат, Кемин, Кадамжай, Айдаркен)

2021-жылдын 10-октябры4 жергиликтүү кеңешке шайлоо (3 айылдык кеңеш жана 1-Кара-Суу шаары) өтөт.

2020-жылдагы шайлоого даярдык көрүү боюнча бардык иш-чараларды ишке ашыруу үчүн кыйла убакыт талап кылынат жана кезектеги шайлоолордун мөөнөттөрүнүн сакталышын эске алып пландалган.

БШКнын жалпы чыгымдары 2020-жылы 928 млн. сомду түзүп, анын ичинен: 560 млн. – Жогорку Кеңешке шайлоолорго чыгымдар, 60 млн. шайлоого даярдык көрүүгө жана 2020-жылдын апрелинде жергиликтүү шайлоолорго (31 кеңеш), 197 млн. шайлоочулардын тизмеси жана идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктардын өтүшүнө байланыштуу МККнын бюджетинен БШКнын бюджетине которуу, 100 млн.- БШК Аппаратынын учурдагы бюджети.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости