www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов мамлекет башчысынын коомдук жардамчыларынын айланасындагы кырдаал боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, “Президенттин коомдук кеңешчиси” жана “Президенттин коомдук жардамчысы” деген кызматта учурда Кыргызстандын жарандарынан эч ким жок.

Бул билдирүү акыркы убакта айрымдардын тигил же бул адамды “Президенттин коомдук кеңешчиси же Президенттин коомдук жардамчысы” деп атап жаткандыгына байланыштуу экенин белгиледи.

"Эске салсам, Президент Садыр Жапаров милдеттерин коомдук башталышта аткарып жаткан кеңешчилери менен жардамчыларынын баардыгын 2024-жылы сентябрда Президенттин Администрациясын реформалоо жана башкаруунун натыйжалуулугун арттыруунун алкагында бошоткон (коомдук башталыштагы 7 жардамчы жана коомдук башталыштагы 19 кеңешчи).

Учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао гана (санарип активдери жана блокчейн технологиялары маселелери боюнча)", - деп билдирди Алагөзов.

Эске сала кетсек, мурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан чет элдик инвесторлорго каршы ири көлөмдөгү алдамчылык боюнча шектелип, Жаныбек Кубандыков кармалганы кабарланган. Соттун чечими менен Кубандыков 17-июлга чейин УКМКнын тергөө абагында камакта калтырылды.

2023-жылдагы мамлекеттик телекөрсөтүүлөрдүн репортаждарында Кубандыков президенттин кеңешчиси катары айтылган.

Последние новости