www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Аскат агай, конуш кут болсун!

-Рахмат. Кудай буйруп ак өргөлүү болдум. Батирдин ремонт иштери бүтөйүн деп калды, жакында көчүп барабыз.

-Демек, чыгармачылык тыныгуудасыз?

-Өзүңүздөр билгендей «Камбаркан» фольклордук ансамблинин солистти катары эмгектенип келем. Ансамблдын солисттери эмгек өргүүгө карабай эки ирээт гостролго чыгып келдик. Учурда баарыбыз биргеликте ансамблдын 30 жылдык мааракесине даярдык көрүп жатабыз. Кеч күздө жеке концерт берүүгө бел байлап, ырлар жыйнак китепчемди чыгаруу аракет кылып жатам.

-Эмгек өргүүсүнө чыккан ырчылардын көпчүлүгү бир ок менен экикоён атышат. Дегеним, эс алуу барып клип тартып кайтышат?

- Туура айтасыз. Жакында эле Исрадин Аманбаев агабыздын «Айданек» аттуу чыгармасына клип тартып бүттүк. Бир жуманын ичинде эфирден
көрө аласыздар. Эмгегим элге жагабы деп санааркап турган учур. Ошондой эле Бек Борбиевдин эл оозуна алынып, ырдалып жүргөн ырына өзгөчө бир идея келип, ошонун үстүндө иштеп жатам. Ырдын атын сыр кылып турайын.

- Репертуарыңыздагы ырларыңыздын дээрлик токсон пайызы ашыктык ырлары. Ата-энеге, мекенге арналган ырларды качан уга алабыз?

-Менин үнүмө лирикалык чыгармалар бап келет. Сүйүү ырларына басым жасаганымдын себебин жаш курагым менен байланыштырам. Мекенге, ата-
энеге арналган ырларга өтө кылдаттык мамиле жасайм. Жакында эле «Атама ант» чыгармасын Каныкей Эралиева эженин уруксааты менен ыр-дап чыктым. Эл аябай жакшы кабыл алды. Клипте атамдын басып өткөн жолу чагылдырылат. Бул да болсо атамдын 60 жашына кылган кичинекей белигим деп билем. Май айында Ош шаарына концерт койгону барып, Эламан
деген мыкты жигит менен таанышып калдым. Эламандын ыр китепчесин барактап олтуруп «Апама» деген ырьш жактырдым, өзү ырдап чыгууну пландап жүргөн экен, ыры мага буюруду. Ырдын аранжировкасы даяр болуп калды, жакында радиолордон уга аласыздар.

-Балалыктын элесин көз алдыбызга тарткан «Кара кыз» аттуу ырыңыздын тарыхына токтоло кетсеңиз?

-Сөзү Манас Алымбаевге, обону Кубат Болоткановго таандык. Бактылуу балалык көз алдыбызга таркан чыгарма десем жаңылышпайм. «Кара кызга» чейин Кубат агайдын «Лейли» чыгармасын ырдап чыккам. Эл, өзгөчө жаштар жакшы кабыл алды.

-Устат катары шакирт таптай алдыңызбы?

-Студент кезимен устатым Улукмырза Полотовдун жолун жолдоп, мыкты шакирттерди чыгарсам деген тилегим күч. Улуттук консерваторияны 2010-жылы ийгиликтүү аяктап, университетте мугалим болуп калганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондо Улукмырза агай «Аскат сен уядан учуп, чыгармачылыгыңды түптө. Убагы келгенде шакирт болом дегендер өздөрү келет» деп кеңеш берди. Сааты чыкты көрүнөт, сентябрь айынан тарта таланттуу өспүрүмдөр менен иштешип баштайм. Толук маалыматты социалдык баракчамдан окуй аласыздар.

-Социалдык баракчаңызга түрк тилинде ой толгоолорду жазып каласыз...

- Эл аралык конкурс, фестивалдарга барганда түрк таланттары менен достошуп калдым. Оюмду жеткире албай, ымдоо-жаңсоо менен түшүндүрүп жаттым. Таланттуу түрк ырчысү дуэт ырдоону сунуштады. Эки элдин таланты-нын аткаруусундагы чыгармага буюруса күбө болосуздар.
Анан түрк тилин үйрөнүү үчүн курстарга бардым, жыйынтыктар жаман эмес.

-Бойдокчулук менен качан коштошосуз?

-«Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» деп коёт эмеспи. Турмуштан бир жаңылгандан кийин көп нерсени ойлонуп, кооптонуп, коркуп калат экенсиң. Жүрөгүмдүн ээсин жолуктура элекмин. Маңдайга жазганын көрөбүз.

-Азыркы саясий кырдаалга сиздин көз-карашыңыз?

- Саясий жаңылыктарды окуп, саясатка кызыгам. Бирок «бөдөнөнү сойсо дагы касапчы сойсун деп коёт эмеспи», дегеним саясаттын түбүн көрбөй туруп, бакылдап популист болгондон алысмын. Башкысы жеке көз-караш менен өзүмдүн позициямды билем.
Нуркыз БАКАСОВА

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости