www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Качанкыга чейин биздин өлкө жемкорлордун, уурулардын «бейишине» айланып, «айран ичкени кутулуп, челек жалаганы тутулуп» жүрө беребиз?! Же мамлекеттин жерин келемишче кемирип жеп, пулун чөнтөккө жымыргандардын заманыбы?! Сөзүбүз куру болбошу үчүн өткөн жылдын аягында болгон ушундай фактыны мисал келтирели.

2020-жылдын 24-декабрында Бишкек башкы архитектуранын башчысы Асхат Түлебердиев УКМК тарабынан «Бишкек шаарында мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген жана жер тилкелерин сатууда мыйзамсыз аукциондорду өткөргөн» деген кине менен кармалган болчу. Кармалганы дурус, бирок арадан анчалык көп убакыт өтпөй эле кылмышка шектүү Биринчи Май райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылган.

Бул кылмыш иши Асхат Түлөбердиевдин мамлекеттик мүлккө кол салган алгачкы эле иш эмес. Буга чейин, тактап айтканда, 2019-жылы Асхат Түлөбердиевдин бир тууган агасы Ренат Түлөбердиевге (мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы башчысы) тийешелүү, «Киргизия-1» аймагынан декларацияга кирбеген хансарай табылган. «Мейли, бул агасына тийешелүү экен» дейли. Бирок, элдин мүлкүн эсепсиз соргон Түлөбердиевдерди токтото турган күч же мыйзам жокпу? Мисалы, Асхат Түлөбердиев Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн аймагындагы курорттук зонадан (ээси менен кеяишим түзүп) убактылуу пайдаланууга 188 чарчы метр жерди ижарага алганы кабарланган. Арадан жарым жыл өтпөй аталган жер участогун тартуулоо келишими менен апасынын атына өткөруп, апасы өз кезегинде ушундай жол менен ал жер тилкесин жээнине каттатканы, анын кесепетинен ошол жер тилкесинде жайгашкан конок үйү дагы Түлөбердиевдердин карамагына өтүп кеткени кандай? Бул дал келүүбү же мыйзамды сыйлабастык, жеке менчикти уруп ойнобогондукпу?

Бишкек шаарынын курулуш тармагындагы башаламандык дагы ушул эргулдун салымы экенин эксперттер байма-бай айтьш келишет. Бишкектин архитектуралык түзүмүнө кайдыгер карап, шаардын жерин каалагандай калчаган Түлөбердиевдин кесепетинен табигый аба алмашуу темпи бузулуп, шаар ыш-түтүнгө чулганып, шаардыктар көкөйгө тийген көк жөтөлгө кабылганын ким танат?!

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

Жогоруда айтылган фактылар жөн гана каралоо же ушак эмес. Ар бири боюнча далилдүү фактылар бар. Сизден өтүнөөрүбуз, ушул адамга тийешелүү чара көрүп мыйзам чегинде жазасын бере аласызбы?

Булак: Азия News гезити

Последние новости