www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ноокен районундагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин регионалдык секторунун башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматына билдиришти.
Маалыматка ылайык, Абхазия Республикасынан алынып келинген бажы декларациясынан өтпөгөн, мыйзамсыз катталган кымбат баалуу автоунаалардын фактылары боюнча коррупциялык схеманын бети ачылып ага бөгөт коюлду.
Такталган боюнча, Орусиянын транзиттик каттоо документтеринин негизинде, Кыргыз өлкөсүнүн техникалык паспорттору жана мамлекеттик номурлары берилген эки "Лексус GX" үлгүсүндөгү унаасы катталганы аныкталды.
Натыйжада, мамлекетке бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу менен 3 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилгендиги аныкталды.
"Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Ноокен районунун регионалдык сектор башчысы «О.М.А» кармалды. УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg