www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Азия Ньюс" гезитинин жетекчиси Асланбек Сартбаев өзүнүн интернет баракчасынан төмөнкү пикирин билдирди:
"Кашаң Кашкар", "иши акмакчылык", "Данияр Абдыкаровдун кадрларына күнү түшкөн" деп "Азия Ньюс" гезити жазган. Мындай пикирден биз кайтпайбыз. Себеби, фактылар бар. Кызыгы, береги сөздөр Кашкар Жунушалиевдин кадыр-баркына, ар-намысына шек келтириптир. Эрксизден жылмаясың... Жогорку сот бүгүн адилетсиз негизде мени 300 миң сом төлөөгө мажбурлады. Министр Жунушалиев өндүргөн сумманы балдар үйүнө которот экен. Логикаң менен куруп кал! Ал жакка менсиз эле жардам кылбайт белең? Ушундай арзан пиар, эски стандарттан бийик боло албадыңбы? Бул убактылуу көз будамайлоо, соттордун "сокбилеги", бирок, мен баары бир Жараткан алдында утам! Аманчылык болсо мезгил көрсөтөт. Туугандар айтмакчы, далай "катталардын" сары изине түшкөнбүз...
Эске сала кетсек, Кашкар Жунушалиев «Азия Ньюсту» 2019-жылдын 25-апрелинде (№16) жана 16-майда (№19) чыккан сандарындагы макала, коллаждар үчүн сотко берген. «Гезиттеги материалдар ар-намысыма шек келтирди» деген негизде бешмиллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.
Булак: NazarNews.kg