www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 10-июлунда Asman Airlines авиакомпаниясы Kompas туроператору менен биргеликте Алматы – Тамчы – Алматы багыты боюнча быйылкы жайкы сезондогу алгачкы эл аралык каттамды ийгиликтүү аткарды.

Алгачкы жүргүнчүлөрдү “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда салтанаттуу тосуп алуу аземи уюштурулду. “Кыргызстан аэропорттору” ААКнын маалыматына ылайык, конокторду улуттук кийимчен кыздар тосуп алып, кыргыз элинин меймандостугун даңазалаган майрамдык маанай тартууланды.

Жайкы программага ылайык, Тамчы – Алматы – Тамчы багыты боюнча каттамдар 2026-жылдын сентябрь айына чейин жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.

Аталган каттам Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы аба байланышын чыңдоого, ошондой эле Ысык-Көлгө келген туристтер үчүн ыңгайлуу жана ыкчам транспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.

Последние новости